Жарыя!

Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкү бош кызмат орунуна ачык сынак жарыялайт:
1) – Социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адис 1 (бир) бош орун;
Квалификациялык талаптар:
Социалдык маселелер боюнча Жетектөөчү адис.
Кесиптик билими:
Жогорку билим — Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Медициналык, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

  • иш стажына талап коюлбайт;
    3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
  • Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.
    Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”;
  • “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”;
  • “Билим берүү жөнүндө”;
  • “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө”;
  • “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” мыйзамдары.
    Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;
  • Билгичтиги:
    жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
    документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
    тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
    кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
    жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
    мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
    командада иштөө;

Көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Сынакка катышуу үчүн документтер:

  • бош кызмат ордун көрсөтүү менен жеке арыз конкурстук комиссиянын төрагасына (контакттык телефон номери менен);
  • кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, сүрөтү менен;
  • резюме, сунуш каттары, өмүр баян (соттолгон-соттолбогондук тактамасын көрсөтүү менен);
    -билими жөнүндө, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам ыйгарылгандыгы жөнүндө дипломдордун көчүрмөлөрү, эмгек китепчесинин, паспорттун көчүрмөсү, аскер билетинин көчүрмөсү (эмгек китепчесинин жана дипломдордун көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги кызматчыларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

Документтерди кабыл алуу жарыя сайтка чыккандан баштап 10 жумушчу күн жүргүзүлөт.

Керектүү документтерди төмөнкү дарекке тапшырсаныздар болот:
Чаткал району, Каныш-Кыя айылы, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы, сурап билүү телефондору (03749) 60310, 0770 345236.
Эскертүү: квалификациялык талапка жооп берген талапкерлерге конкурстун өтө турган күнү кошумча маалымдалат.

]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *