"Вертекс Голд Компани" спорттук иш чараларды өткөрдү

27-28-апрель күндөрү район борбору Каныш-Кыя айылында район аймагында кен казуу иштерин жүргүзгөн «Вертекс Голд Компани» компаниясынын колдоосу менен спорттун футбол, волейбол жана ордо оюндары боюнча мелдештер өткөрүлдү.
Мелдештин биринчи күнүндө С. Байдөөлөтов орто мектебинин спорттук аянтчасында ордо оюну боюнча он команда ат салышып, оюн абдан кызуу жүргөндүктөн кечке дейре созулуп,, оюндун финалдык бөлүгү эртеси улантылды.
Ал эми, футбол боюнча райондук ✓46-кесиптик лицейдин спорттук аянтчасында жана Айгыр-Жал айылынын спорттук аянтчасында он алты команда ат салышты.
Жыйынтыгында, 1-орунду Жаңы-Базар-1 командасы жеңип алды. 2-орунду Жаңы-Базар-2 командасы ээледи. Ал эми, 3-4-орундар Каныш-Кыя-1 жана Каныш-Кыя-2 командаларына берилди. Бардык жеңүүчү командаларга акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Эртеси, 28-апрелде Каныш-Кыя жана Айгыр-Жал айылдарында волейбол боюнча эркектер жана аялдар командалары катышкан мелдештер өттү.
Анда эркектерден турган жалпы 22 команда жана аялдардан турган 10 команда ич ара ат салышты.
Жыйынтыгында, аялдар арасында 1-орунду Башкы-Терек командасы ээледи. 2-орунга Исмаил уулу Матиш атындагы орто мектебинин командасы ээ болду. 3-орун Т. Жаналиев орто мектебинин командасына берилди. 4-орун А. Айымбетов мектебинин командасына ыйгарылды.
40 жаштан жогорку эркектер арасында мелдеште 1-орунду Каныш-Кыя -1 командасы жеңип алды. 2-орунду Башкы-Терек айылынын командасы ээледи. 3-орун Айгыр-Жал айылынын командасына ыйгарылды. 4-орун Ак-Таш айылынын командасына берилди.
Ал эми, 40 жашка чейинки эркектер арасында мелдеште 1-2-орундар Каныш-Кыя айыл аймагынын командасына ыйгарылды. 3-орун Жаңы-Базар айылынын командасына, 4-орун Каныш-Кыя айылынын командасына берилди.
Бул күнү ордо оюну боюнча мелдеш да аяктап, жыйынтыгында он команданын арасынан 1-орунду Айгыр-Жал командасы жеңип алды. 2-орунду Чакмак-Суу командасы ээледи. 3-орун Жер-Капчыгай командасына, 4-орун Коргон-Сай командасына берилди.
Бардык жеңүүчү командаларга акчалай байгелер берилди.
Спорттук оюндардын жүрүшүндө «Вертекс Голд Компани» компаниясынын райондогу өкүлү Алмазбек Эшикулов компания райондо спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө салым кошуу максатында жыл сайын каражат бөлүп келе жатканын, мындай саамалык мындан ары да уланаарын айтып, айрым тургундар спорттук иш чаранын максаты тууралуу одоно, терс пикирлерди билдирип жатышкандыгын айтты жана компаниянын райондогу спорттук иш чараларды өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымын туура кабыл алып, мындан саясат жасабоого чакырды.

М. Эшназаров

]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *