“Жол куруу сооп иш деп билемин”

ташанов  Буюруса, быйыл районубуздун уюшулганына 80 жыл толду. Бул мезгилдин ичинде аймагыбыз эбегейсиз өзгөрүүлөргө туш болду. Буга албетте эмгекчил элибиздин кажыбас кайраты жана да жетекчилердин иш билги касиеттери аркылуу жетишилди десем болот. Мына ошондой өз кесибин ардактап, анын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп дегендей, өзүнүн уюштуруучулук жөндөмү, кажыбас кайраты менен эл урматына ээ болуп, районубуздун гүлдөп өнүгүшүнө салымын кошкон жетекчилердин бири Абдумиталип Ташанов. Абдумиталип Ташанов 1953-жылы 22-февралда Ала-Бука районунун Өрүктү айылында туулган. Ал өзүнүн эмгек жолун 1975-жылы Фрунзедеги политехникалык институтту аяктагандан соң атайын жолдомо менен Кара-Көл шаарындагы ДЭУ-30 ишканасында жол мастерликтен баштаган. 1976-жылы Ала-Букадагы ДЭУ-17 жол тейлөө ишканасына прораб болуп которулган. 1979-1981-жылдары ошол эле мекемеде жетекчи болгон. 1981-1986-жылдар аралыгында Чаткал районуна караштуу ДЭУ-27 ишканасында жетекчи, 1986-93-жылдары айыл чарба кызматкерлеринин профсоюзунун Чаткал райондук комитетинин төрагасы болуп эмгектенген. Ал эми 1993-жылы ноябрда ДЭУ-27 менен РДЭСУ ишканалары биригип ДЭП-27 ишканасы уюшулганда элдердин суранычы менен кайрадан аталган ишкананын башчылыгына келген. Ал жерде 1997-жылдын декабрына чейин эмгектенип, 1998-жылдын январь айында Жалал-Абад областык ПЛУАД-6 ишканасына технадзор болуп дайындалган. 1999-жылдын апрель айында Ала-Бука райондук ДЭП-17 ишканасына жетекчи болуп келип. аталган ишканада 2014-жылдын ноябрь айына чейин үзүрлүү эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан. Үй бүлөлүү 2 уул, 5 кызды тарбиялап өстүргөн. Учурда 15 неберенин сүйүктүү чоңата, таятасы. -Абдумиталип аке, бу өмүр жолуңузга саресеп салып отурсам ортодо 7 жылдай кесиптик кошунда эмгектенгениңиз болбосо башка мезгил бүтүндөй жол тейлөө тармагында иштеп келипсиз. Ушунча мезгил бир тармакта иштөө сизди тажаткан жокпу? -Жок, эмнеге тажамак элем. Мен жол куруу сооп иш деп билемин. Сен салган жолдон миңдеген жолоочулар сапар чегишет. Ислам дининде деле айтылат эмеспи “жолдо жаткан ташты алып коюу сооп” деп. А биздин ишибиз жол тейлөө болгондуктан жолдорду жүргүнчүлөр кыйналбасын деп тегиздейбиз, оңдоп түзөйбүз дегендей. Мындай иштен рахат гана аласың. Анан калса бул өзүм жактырып тандаган кесибим. -Ошентсе да айтсаңыз Чаткал райондук жол тейлөө ишканасына жетекчи болуп келгениңизде ишкананын абалы кандай эле? — Чаткал райондук жол тейлөө ишканасы Таласка ашып өтчү Кара-Буура ашуусунун туу чокусуна чейин көзөмөлдөп турган. Ошону үчүн ишкана райондун борборунан четте, тагыраагы Башкы-Терек айылына жайгашкан эле. Мен жетекчи болуп барган мезгилде ишкананын кеңсеси жок болгондуктан бир жеке үйдү кеңсе катары пайдаланып турушкан экен. Кийин биз 60 сотых аянтты таш дубал менен курчап, бышкан кыштан учур талабына келгендей имарат куруп, ишкананы ошол жайга көчүрдүк. Анда Талас областына карачу эле го Чаткал. Областка баруучу Кара-Буура ашуусу аркылуу болгондуктан бул жолду жакшыртуу максатында аракет кылдык. Тактап айтканда жол кеңейтилип, талапка ылайык салына баштаган эле. Бирок, жолдун 5 чакырымы бүткөндө Чаткал району Ош областына карап калды да жакшы тилек менен салынып жаткан жол аягына чыкпай калып калды. Ошол мен иштеп турган мезгилде Терек-Сайдан Кыз Булакка чейинки жол оңдолуп, айрым жерлери жардыруу жолу менен кеңейтилип, Курулуш, Жаңы-Базар, Каныш-Кыя айылдарынын ичи шагыл менен битум аралаштырып кара шагыл жол болду. Ошондой эле Кызыл-Токойдон Кара-Буура ашуусуна чейинки жолду оңдоп түзөп көзөмөлдөп туруу дегендей көп эле иштер аткарылды. -Эми ошол сиз иштеген жылдар менен азыркы учурду салыштырып көрсөңүз . Ишкананын бүгүнкү абалы кандай деп ойлойсуз? -Азыр абал жакшы да. Ишкана заманбап техникалар менен камсыздалган. А биздин тушубузда өзүң билесиң Казакстан, СТО өңдүү бульдозерлор иштечү. Өзгөчө кыш айларында көчкү түшүп жол тосулуп калганда ашуунун жолун ошол эскирген техникалар менен күндөп-түндөп тазалоого туура келчү. Азыр андай кыйынчылык жок деп ойлойм. — Экинчи ирет бул ишканага жетекчи болуп келишиңиздин себеби эмнеде. Же чын эле өз кесибиңизден узап кетеалбадыңызбы? — Мен кайрадан жол тейлөө ишканасына ДЭП-27 ге жетекчи болуп келишиме элдин суранычы себеп болду. Эмнеликтен билбейм, менден башка бул мекемеге келген жетекчилер 1-2 жылдан ашык иштебей кете беришкен. Ошондонбу эл суранып экинчи ирет да иштөөгө туура келген. — Ушунча жылдык эмгегиңиз мамлекет тарабынан бааландыбы? — Кудайга шүгүр десем болот. Партиянын Талас областык комитети менен областык аткаруу комитетинин Ардак грамотасын, ошондой эле Жалал-Абад обладминистрациясынын 2 ирет, Транспорт жана коммуникация министрлигинин 2 ирет, агро өнөр кызматкерлеринин борбордук комитетинин Ардак грамоталары менен сыйлангам. Мындан сырткары “Ардактуу жолчу” төш белгисинин ээсимин. — Жыйналыштарда райондук жетекчилер менен айтыша кетмей адатыңызды байкачумун. Кызматтан жогорулабай калышыңызга чыр мүнөзүңүз себеп болбоду бекен? — (Күлүп) Мен айтсам акыйкатты, чындыкты талашып чырылдашчумун да. Мүмкүн сен айткандай ошол мүнөзүм себеп болгондур. Анкени, айткандын оозу, ыйлагандын көзү жаман эмеспи. Мен ага өкүнбөйм деле. — Чаткал эмнеси менен эсиңизде калды? — Чаткалдын эли адамды баалаган, меймандос эл келет. Жери болсо кооз. Кыш келгенде кыйынчылык башталат да жаз келери менен унутулат. Бир топ жыл Чаткалда иштеп жоро-жолдош, дос-тамыр арттырдым. — Сизди өкүндүргөн нерсе? — Өкүнгөнүм эле ошол жогоруда айтып өткөн Башкы-Теректеги ДЭП-27 ишканасынын имараты жеке менчикке сатылып кетиптир. Ошондой эле Шабыр Сай участкасына асфальт завод курулган эле. Ал да таланып, тонолуп жок болуптур. Ушулар турса эртеби-кечби иштейт эле да. — Куруп берген кызыктуу маегиңиз үчүн ырахмат, соо болуңуз!

Маектешкен Т. Темиралиев»Чаткал оттору»

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *