Улуу Жеңишке салым кошкон

колесникХХ-кылымдын дүйнөнү дүңгүрөткөн зор тарыхый, унутулгус окуясы болгон Улуу Жеңишке өз салымын кошкондордун бири Сумсар айылынын тургуну Владимир Яковлевич Колесник. В.Я.Колесник 1926-жылы азыркы Аксы районунун Караван шаарына жакын Успеновка (мурдагы аталышы) айылында туулган. 1943-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылган. 1943-1945-жылдары Фергана, Ашкабад, Моздок, Саранск шаарларында болуп, өзүнүн аскердик милдетин аткарган. 1944-1945-жылдары Кама дарыясына жакын Саранск шаарында аэроаянтта чабуулга чыгуучу самолетторду даярдоону, чабуулдан жабырканган самолетторду оңдоп, кайрадан согушка жөнөтүүнү, чабуулга чыгуучу самолеттор конуучу аэроаянтты үзгүлтүксүз иретке келтирүүнү камсыз кылууга өз салымын кошкон. В.Я.Колесник жана анын жолдошторунун милдети-аскердик самолеттордун чабуулга чыгуусуна туруктуу шарт түзүү болгон. Улуу Жеңиш үчүн В.Я.Колесник сыяктуулар күн-түн иштешип, күжүрмөн, кажыбас эмгектери менен улам Улуу Жеңиш күнүн жакындатышкан. 1949-жылы В.Я.Колесник Советтик Армиянын катарынан демобилизацияланган. Учурда В.Я.Колесник Сумсар шаарчасынын Советская көчөсүндө жашайт. Улуу Жеңишке кошкон салымдары үчүн 1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин юбилейлик медалдары менен сыйланган, жеңилдиктерге укугу бар күбөлүгү берилген. Бүгүн Владимир Яковлевия Колесник 89 жашта. Учурда ардактуу эс алууда. Б.Исаков «Чаткал оттору»]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *