ippАялзаты-ааламдан келген кутсуңар Урматтуу айымдар! Ардактуу энелер, эжелер, карындаштар! Сиздерди 8-март аялдардын Эл аралык тилектештигинин күнү менен чын ниетимден куттуктайм. Жылына бир жолу өзгөчө шаң менен коомубузда белгиленип келе жаткан бул майрам бекеринен өзгөчөлөнгөн күн эмес чыгар. Анткени, ушул күнү демейдегиден башкача аялзаты аздектелип, сиздердин аруулугуңуздарга таазим этип келебиз. Деги эле бул жашоодо эненин ыйыктыгы, мээримдүүлүгү, бийик касиети менен Сиздер бар үчүн дүйнөдө жашообуз мээримге, жакшылыктарга бөлөнүп, коломтобуз толуп келет. Адатта, аялзатынын түмөн түйшүгү көп экени белгилүү. Бүгүнкү күндө сиздердин алаканыңыздар тийбеген жумуш жокко эсе. Ошентип, эркектер менен бирге жуурулушуп, коомдун кайсыл жумуштарында болбосун кошо түйшүк тартып, жашоонун жыргалчылыгы үчүн ар убак аракеттенип келесиздер. Мындан 70 жыл илгери Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде оорукта эмгектенген апаларыбыздын эмгеги унутулбай келет. Бүгүнкү күндө биздин районубуздун социалдык экономикалык, маданий, билим берүү, медицина жана башка тармактарынын өсүүсүнө салымдарын кошуп келе жатышкан айымдарыбыз бир топ. Биз сиздер менен дайыма сыймыктанып келебиз. Энелик мээримиңиздерге, жароокерлигиңиздерге, кайратыңыздарга жана чечкиндүүлүгүңүздөргө таазим этебиз. Улуттук каада салттарыбыздын, тилибиздин, маданиятыбыздын, элибиздин бүтүндүгүн сактоого жана аны келечек муундарга жеткирүүгө кошкон салымыңыздар эбегейсиз. Урматтуу айымдар! Турмушуңуздарда бактылуу күндөр арбын болсун! Ден соолугуңуздар чың болуп, маанайыңыздар ар убак ачык болсун. үй-бүлөнүн куту болуп аман жүрүүңүздөрдү тилеймин. Канжарбек Эшалиев, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *