Кырчындай өмүрлөрү кыйылгандар

41-45  Бул төмөндөгү маалыматтар ар кайсыл архивдерде сакталган документтер аркылуу интернет булактарынан жана китептен, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары Таласбай Жаналиевдин жана Чотон Иманалиевдин өздүк архивинен алынууда. Ошондуктан төмөндөгү тизмедегилердин аты-жөнүнүн жазылышында каталыктар болсо орус тилине ылайыкталып жазылгандыгын эске алып же булардын арасында курман болгон деп катталып бирок, согуштан тирүү келгендер болсо ошол апаат мезгилдеги катачылык экендигин эске алууңуздарды суранабыз. Анткени, согушта өлгөн деп тизмеде катталгандардын арасында согуштан айрым аман келгендер да кезигип калууда. Деги эле Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын тизмесин тактоодо көптөгөн кыйынчылыктар жаралууда. Анткени, райондук аскер комиссариатынын берген маалыматы боюнча 1941-1945-жылдары аскерге чакырылгандар Чаткал өрөөнүнөн, Талас аскер комиссариатынан да чакырылган экен. Ал эми Сумсар, Терек-Сай айыл аймактарындагылар Ала-Бука аскер комиссариатынан чакырылгандыктан аларды тактоо кыйынчылыкка турууда. Элдин айтымында 1942-жылы Чаткал өрөөнүнөн 300 чамалуу адам согушка бир чакырылган деген маалыматтар да бар. Биздин максатыбыз-район боюнча Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын баарынын тизмесин тактап, газетага чыгарып, алардын атын өчүрбөй сактап калуу максатында тийиштүү жерлерге такталган тизмелерди берүү болууда. Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 70 жылдыгы белгиленгенге чейин айыл аймак кызматкерлеринин жана жалпы коомчулуктун жардамы менен элибиздин жыргалчылыгы үчүн жанын аяшпаган аталарыбыздын тизмесин тактап, аны кийинки муундарга сактап берүү биздин милдетибиз деп билелик. Аны азыркы муундар муну эске алганыбыз абзел. Анткени, биз алардын балдары, неберелери, жакын туугандары катары жакшы билебиз. Уламдан жылдар алмашкан сайын бул согушка катышкандарды билгендер да мезгил менен жарышып, жуурулушуп бара жатат. Газетага жазылып чыккан тизмелердин арасында жазылбай калгандар чыгып, сиздер билгендер болсо биздин редакциянын 6-00-69, 6-03-24 (факс), 3-00-52 (факс) телефондоруна же chatkal_ottoru@mail.ru электрондук дарегине жөнөтүүңүздөрдү суранабыз. “Чаткал оттору” газетасынын редакциясы Алюмбеков Юмагул (Алимбеков Жумагул) 1915-жылы К.Маркс колхозунда туулган. 199-аткычтар дивизиясында кызмат кылган.1943-жылы 7-августа курман болгон. Сөөгү Смоленский областынын Ельня районунун Рысачы кыштагынын түндүк жагында коюлган. Абылаев Сарпек 1924-жылы Каганович колхозунда туулган. 68 ОШР 4-армиясында кызмат өтөгөн.1944-жылдын 12-апрелинде курман болгон. Кишинев областынын Рыжка Оргеевск районунун Слободка айылында сөөгү коюлган. Аликуров Марал 1916-жылы Коргон-Сай айылдык Советинде туулган. 304-аткычтар дивизиясынын 804-аткычтар дивизиясында кызмат өтөгөн. 1944-жылдын 15-декабрында курман болгон. Польша Краков согуш талаасында Красно районундагы Моердза айылында сөөгү коюлган. Айдаров Нурмат 1906-жылы Каныш-Кыя айылдык Советинде туулган. 333-аткычтар дивизиясында кызмат кылган. 1943-жылдын 18-мартында курман болгон.Сталинский областынын Краснополье айылындагы “бир туугандык көрүстөнүндө” сөөгү коюлган. Ахматов Ормош 1910-жылы Маданият колхозунда туулган. Аткычтар бригадасынын 93-бөлүгүнүн батареясынын 4-бөлүгүндө кызмат кылган.1943-жылдын 11-январында курман болгон. Сталинград фронтунун түштүк-батышынын 1 чакырым аралыгында сөөгү коюлган. Аширбаев Сатыбалды (Алтубаев Сатын-Алда) 1924-жылы Маданият колхозунда туулган.Батыш Прибалтика фронтунун НКВДнын 220-чек ара полкунда кызмат кылган. 1944-жылдын 7-августунда курман болгон. Смоленск обласынын Персечтинск районундагы Подгейск көрүстөнүндө сөөгү коюлган. Абдурахманов Жамбек 1923-жылы Ленин колхозунда туулган. 1-гвардиялык аба десант бригадасында кызмат кылган. 1943-жылдын 27-августунда туберкуллез ооруусунан өлгөн.Шуя шаарындагы Троицкое көрүстөнүнө көмүлгөн. Асланов Сулейман 1899-жылы Ворошилов колхозунда туулган.123-аткычтар дивизиясынын 2-гвардиялык бригадасында кызмат кылган.1944-жылдын 10-майында курман болгон. Крым АССРинин Севастополь районундагы Кача кыштагында №15 көрүстөндүн түштүк-батыш тарабынын айланасында коюлган. Аширбаев Мамедкул 1924-жылы Сары-Булак айылдык Советинде туулган.112-аткычтар дивизиясында кызмат кылган.1943-жылдын 16-мартында Курск областынын Хомутовск районунун Погт айылында сөөгү коюлган. Аралов Жофар (Жапар) 1918-жылы Буденный колхозунда туулган. 18-аткычтар армиясында кызмат кылган.1942-жылдын 16-октябрында курман болгон. Красноярск крайынын Шаумянск районунда сөөгү коюлган. Айтаков Шаржанут (Шаршенкул) 1908-жылы Чандалаш айылдык Советинде туулган. 265-аткычтар дивизиясынын 450-аткычтар полкунда кызмат кылган.1943-жылдын 22-январында курман болгон. Ленинград областынын Мценский районунун Пустошки кыштагынын батыш тарабынын аймагына сөөгү коюлган. Алишбеков Коңурбай (Алимбеков) 1923-жылы туулган. 1943-жылдын 12-ноябрында курман болгон. (Кайсы бөлүктө кызмат кылып, кайсыл жерге сөөгү коюлганы белгисиз) Анарбеков Кадыр 1925-жылы Ворошилов колхозунда туулган. 357-аткычтар дивизиясынын 1190-аткычтар полкунда кызмат өтөгөн. 1943-жылдын 30-октябрында курман болгон. Калинин областынын Невельск районунун Кармалинец кыштагынан 300 метр аралыкта түштүк-чыгыш тарабында сөөгү коюлган. Арыкбаев Абдулды (Абдылда) 1899-жылы Ворошилов колхозунда туулган.1942-жылы аскерге чакырылган. 220-аткычтар дивизиясынын 653-аткычтар полкунда кызмат өтөгөн. 1943-жылдын 10-июнунда курман болгон.Смоленск обласынын Сафоновск районунун Базняковок кыштагынан 300 метр аралыкта сөөгү коюлган. Арыстанбеков Оросбек 1903-жылы Айгыр-Жал айылдык Советинде туулган. 4-гвардиялык кавалердик дивизияда кызмат кылган. 1943-жылдын 1-декабрында курман болгон. БССРинин Калинаовск районунун Б. Автюки кыштагында сөөгү коюлган. Акылбеков Кушубек 1916-жылы Киров районунда туулган. 4-гвардиялык кавалердик дивизияда кызмат кылган. 1943-жылдын 15-мартында курман болгон. Сумской областынын Ромашенко кыштагында сөөгү коюлган. Атабаев Тажикул 1912-жылы Ворошилов колхозунда туулган. 415-аткычтар дивизиясынын 1326- аткычтар полкунда кызмат кылган. 1943-жылы курман болгон. Сөөгү коюлган жери белгисиз. Асанов Дасав 1924-жылы Чаткал айылдык Советинде туулган деген божомол бар. 1943-жылдын 4-февралында жараттан курман болгон. Воронеж областынын Сталин колхозунда сөөгү коюлган. Айдунаев Жумабек 1902-жылы Ак-Ташта туулган. 4-гвардиялык механикалык корпустун 61 -механикалык бригадасында кызмат кылган.1943-жылдын 19-январында курман болгон. Ростов областына сөөгү коюлган. Алимбеков Караш1900-жылы Чандалаш айылдык Советинде туулган. 4-гвардиялык механикалык корпустун 61-механикалык бригадасында кызмат кылган.1943-жылдын 19-январында курман болгон. Ростов областына сөөгү коюлган. Андармиев Анаркан 1922-жылы туулган. Туулган жери боюнча так маалымат жок. 36-аткычтар бригадасында кызмат өтөгөн.1943-жылдын 28-декабрында курман болгон. Витебск областынын Мозненск районундагы Моклани кыштагында сөөгү коюлган. Алимов Сапарали 1925-жылы туулган. Туулган жери боюнча так маалымат жок. 376-батыш полкунда кызмат өтөгөн. 1943-жылдын 5-апрелинде оорудан көз жумган. Колтубовка станциясында сөөгү коюлган. ( «Чаткал оттору гезитинен» алынды. уландысы бар)]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *