Бишкекте чаткалдык жаштар жолугушту

келечекке багыт коомдук жаштар бирикмесинин эмблемасы  Чаткал жергебизден мектеп босогосун аяктап, борбор шаарыбызда билим алып, иштеп жүргөн жигердүү жаштарыбыздын демилгеси менен Бишкек шаарында “Келечекке Багыт” жаштар коомдук бирикмеси түзүлгөн. Учурда бул коомдук бирикме тарабынан чаткал жаштардын ар тараптуу жолугушуулары борбор калаада уюштурулууда. Бул тууралуу коомдук жаштар бирикмени жетектеген Айбек Кудайкулов маалымдады. Анын маалымдашынча, аталган коомдук бирикме тарабынан чаткалдык жаштардын башын бириктирүү максатында бир топ иш-аракеттер уюштурулууда. Атап айтсак, ушул жылдын 21-февралында Бишкек шаарындагы “Чаткал” кафесинде жаштар жолугушуусу болуп, ага 150 гө жакын мекендештерибиз катышты.. Иш-чаранын максаты-Чаткалдык жаштардын ынтымак, биримдигин бекемдөө, билим, маданият тажрыйбалары менен алмашуу жана жаштардын жергебизге болгон сүйүү сезимин, сыймыгын арттыруу болуп саналат. Бул иш чарага районубуздун бир катар кадыр барктуу инсандары катышып, жакшы пикир насааттарын айтып кайтышты. Жаштар арасында биринчи жолугушуу болуп жаткандыктан, жаштардын деми кубанычы жолугушууда жүздөрүнөн байкалып турду. Кечеде чыгармачыл жаштар да өз өнөрлөрүн тартуулашты.]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *