Терек-Сай айылдык кеңешинин токтомдору (2018- жыл. ноябрь, декабрь)

Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Терек-Сай айылы
2018-жылдын 30-ноябры

Терек – Сай айылдык Кеңешинин
VIII чакырылышынын кезексиз 14- сессиясынын
№ 1 Т О К Т О М У
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ
ТЕРЕК-САЙСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобону бекитүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобону бекитүү боюнча Терек-Сай айылдык аймагынын жооптуу катчысы Б.Анарбаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобо боюнча тиешелүү иш кагаздарын жүргүзүү Терек-Сай айылдык аймагына жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартиби, этика жана жаратылыш коргоо, экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Терек – Сай айылдык
Кеңешинин төрагасы: Ажакматов И.К.

Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Терек-Сай айылы
2018-жылдын 30-ноябры

Терек – Сай айылдык Кеңешинин
VIII чакырылышынын кезексиз 14-сессиясынын
№ 2 Т О К Т О М У
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ
ТЕРЕК-САЙСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо үчүн комиссиянын курамын бекитүү боюнча Терек-Сай айылдык аймагынын жооптуу катчысы Б.Анарбаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо максатында төмөндөгүдөй комиссиянын курамы түзүлсүн:
1. Орозбаева Ч — айылдык Кенештин депутаты, комиссиянын төрайымы.
2. Тойчиев М — айылдык Кенештин депутаты.
3. Жумабаев Ө — Терек-Сай айылдык Терек-Сай айыл аймагынын МАЫӨ лү.
4. Анарбаев А — турак-жай адиси.
5. Аширбеков М — айыл башчы.
6. Наргозуева А — иш жүргүзүүчү, катчы.
7. Иманазаров К — Терек-Сай айылынын аксакалдар соту.
8. Абдырахманов Д — Кызыл-Токой айылынын аксакалдар соту.
9. Анаркулова Б — аялдар Кенешинин төрайымы.

2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Терек-Сай айылдык аймагынын айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо комиссиянын мүчөлөрүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартиби, этика жана жаратылыш коргоо, экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Терек – Сай айылдык
Кеңешинин төрагасы: Ажакматов И.К.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ
ТЕРЕК-САЙСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА

Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Терек-Сай айылы
2018-жылдын 30-ноябры

Терек – Сай айылдык Кеңешинин
VIII чакырылышынын кезексиз 14- сессиясынын
№ 3 Т О К Т О М У
Кара-Далаа участкасына 50 га жерди трансформация жасоо үчүн координаттарын тактоого акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө.
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын Кара-Далаа участкасына 50 га жерди трансформация жасоо үчүн координаттарын тактоо максатында Ала-Бука районунун мамлекеттик каттоо бөлүмүнө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү ФЭБ башчынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын Кара-Далаа участкасына 50 га жерди трансформация кылуу үчүн координаттарын тактоо максатында Ала-Бука районунун мамлекеттик каттоо бөлүмүнө 85,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Терек – Сай айылдык
Кеңешинин төрагасы: Ажакматов И.К
Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Терек-Сай айылы
2018-жылдын 30-ноябры

Терек – Сай айылдык Кеңешинин
VIII чакырылышынын кезексиз 14- сессиясынын
№ 4 Т О К Т О М У

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ
ТЕРЕК-САЙСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА

Терек-Сай айылдык аймагынын Терек-Сай айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин айлык маянасы жана байланыш кызматы жөнүндө

Терек-Сай айылдык аймагынын Ф.Э.Б.башчысы Т.Т.Суванованын аппарат кызматкерлеринин айлык маянасына жана байланыш кызматына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Терек-Сай айылдык аймагынын жергиликтүү бюджетинин 701 раздели Башкаруу кызматынын 2222 беренесине каралган 43, 4мин сом акча каражаты, 2111 эмгек акы беренесине 30,0 мин сом, 2121 соц.фондго чегеруу беренесине 5,2мин сом, 2212 байланыш кызматы беренесине 8,2мин сом жылдырылып берилсин.

2 Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын Ф.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.

3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Терек – Сай айылдык
Кеңешинин төрагасы: Ажакматов И.К.

Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Терек-Сай айылы
2018-жылдын 30-ноябры

Терек – Сай айылдык Кеңешинин
VIII чакырылышынын кезексиз 14- сессиясынын
№ 5 Т О К Т О М У
Терек-Сай айылдык аймагында “Майыптар күнүнө” карата 18 жашка чейинки майып балдарга колдоо көрсөтүү үчүн материалдык жардам берүү жөнүндө.
Терек-Сай айылдык аймагында “3-декабрь- Майыптар күнүнө карата” 18 жашка чейинки майып балдарга колдоо көрсөтүү үчүн материалдык жардам берүү жөнүндө Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Суванованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагында “Майыптар күнүнө” карата 18 жашка чейинки майып балдарга колдоо көрсөтүү үчүн 15 000 (он беш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ
ТЕРЕК-САЙСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ.башчысы Т..Сувановага жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Терек – Сай айылдык
Кеңешинин төрагасы: Ажакматов И.К.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ
ТЕРЕК-САЙСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА

Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Терек-Сай айылы
2018-жылдын 30-ноябры

Терек – Сай айылдык Кеңешинин
VIII чакырылышынын кезексиз 14- сессиясынын
№ 6 Т О К Т О М У
Терек-Сай айылдык аймагында кургак учук оорусу менен ооруган адамдарга материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө.
Терек-Сай айылдык аймагында кургак учук оорусу менен ооруган 18 адамга материалдык жардам көрсөтүү үчүн ФЭБ башчы Т.Суванованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагында кургак учук оорусу менен ооруган 18 адамга материалдык жардам көрсөтүү үчүн 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын Ф.Э.Б.башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Терек – Сай айылдык
Кеңешинин төрагасы: Ажакматов И.К.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ
ТЕРЕК-САЙСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА

Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Терек-Сай айылы
2018-жылдын 30-ноябры

Терек – Сай айылдык Кеңешинин
VIII чакырылышынын кезексиз 14- сессиясынын
№ 7 Т О К Т О М У
Сумсар айыл өкмөтүндө уюштурулган “Түшүм майрамына” барып келүү үчүн жол чыгымдарын төлөө жөнүндө.
Сумсар айыл өкмөтүндө өткөрүлүүчү “Түшүм майрамына” Терек-Сай айылдык аймагынан фермерлерди алып баруу жана ярмаркага катышуу үчүн жол чыгымдарын төлөө жөнүндөгү ФЭБ башчы Т.Суванованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сумсар айыл өкмөтундө “Түшүм майрамына” Терек-Сай айылдык аймагынан фермерлерди алып баруу жана ярмаркага катышуу үчүн жол чыгымдарын төлөө үчүн 10 00 (он миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын Ф.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Терек – Сай айылдык
Кеңешинин төрагасы: Ажакматов И.К.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ
ТЕРЕК-САЙСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА

Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Терек-Сай айылы
2018-жылдын 30-ноябры

Терек – Сай айылдык Кеңешинин
VIII чакырылышынын кезексиз 14 -сессиясынын
№ 8 Т О К Т О М У
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынан баштап Мырзалиев көчөсүнө чейин көчө жарыктарын орнотуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө.

Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынан баштап Мырзалиев көчөсүнө чейин көчө жарыктарын орнотуу максатында түзүлгөн долбоорду тендерге коюу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө ФЭБ башчы Т.Суванованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынан баштап Мырзалиев көчөсүнө чейин көчө жарыктарын орнотуу максатында түзүлгөн долбоорду тендерге коюу үчүн 9 492,4 миң акча каражатын бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын Ф.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Терек – Сай айылдык
Кеңешинин төрагасы: Ажакматов И.К.
Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Терек-Сай айылы
2018-жылдын 30-ноябры

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ
ТЕРЕК-САЙСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА

Терек – Сай айылдык Кеңешинин
VIII чакырылышынын кезексиз 14- сессиясынын
№ 9 Т О К Т О М У
Турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө.
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Терек-Сай айылынын тургундары: Жамийла Ниязбекованын небереси , Жумагүл Ашырбаеванын, Тажимат Давлятовдун, Турдалиев Абдыкадырдын, Канымбү Омурзакованын, Эльмира Жантаеванын ден соолугуна жана турмуш шарттарына байланыштуу материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө кайрылууларын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Терек-Сай айылынын тургундары:
Ж. Ниязбековага 50 000 (элүү мин)сом, Ж.Ашырбаевага 50 000 ( элүү миң) сом, Т.Давлятовго 50 000 (элүү мин)сом, А.Турдалиевге 50 000 (элүү мин)сом, К.Омурзаковага 50 000 (элүү мин)сом, Эльмира Жантаевага 25 000 (жыйырма беш миң) сом акча каражаттары ден соолуктарына жана турмуш шарттарына байланыштуу дарылануу үчүн бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Терек – Сай айылдык
Кеңешинин төрагасы: Ажакматов И.К

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ
ТЕРЕК-САЙСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА
Жалал-Абад областы , Чаткал району, Терек-Сай айылы
2018-жылдын 18-декабры.

Терек – Сай айылдык Кеңешинин
VIII чакырылышынын кезексиз 15- сессиясынын
№ 1 Т О К Т О М У
КР Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү Терек-Сай айыл аймагынын 2016-жылдын 1-январынан тартып 2017-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн отчетун жана жазма буйруктун көчүрмөсүн талкуулоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Терек-Сай айыл аймагынын 2016-жылдын 1-январынан тартып 2017-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн отчеттун жана жазма буйруктун көчүрмөсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өткөрүлгөн аудит жыйынтыгынын негизинде Терек-Сай айылдык аймагынын жалпы адистери менен аппараттык чогулушта талкууланып, кетирилген кемчиликтер боюнча тиешелүү адистерге чара көрүү жагы сунушталсын.

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын башчысы Б.Ашырбаевке жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө укук, мыйзамдуулук, этика жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек – Сай айылдык
Кеңешинин төрагасы: Ажакматов И.К.

Жалал-Абад областы , Чаткал району, Терек-Сай айылы
2018-жылдын 18-декабры.

Терек – Сай айылдык Кеңешинин
VIII чакырылышынын кезексиз 15-сессиясынын
№ 2 Т О К Т О М У
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ
ТЕРЕК-САЙСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА
“Эти Бакыр Терексай” ЖЧКоому тарабынан заманбап, дүйнөлүк стандарттагы доре алтын ылгалоочу фабриканын курулушу жөнүндө.

Терек-Сай айылдык аймагына караштуу “Курук сай” сайына заманбап, дүйнөлүк стандарттагы доре алтын ылгоочу фабриканын курулуш зарылчылыгы жөнүндөгү “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКнун мүдүрү Махир Тезджандын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу “Курук сай” сайына Лицензиялык тиешелүү координаттарына ылайык дүйнөлүк стандарттагы, заманбап, жаңы технологиялар менен курулуучу доре алтын ылгоочу фабриканын курулушуна тийиштүү мамлекеттик органдардын корутундусунун негизинде уруксат берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын жер казыналар жөнүндөгү мыйзамына ылайык Терек-Сай айылдык аймагына социалдык пакет боюнча колдоо көрсөтүлсүн. Андан тышкары Терексай айылдык аймагынын социалдык экономикалык өнүгүүсү үчүн “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКсына төмөнкү маселелер жүктөлсүн. /Тиркеме тиркелет 1 баракта./

3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин өнөр жай, транспорт, курулуш жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Терек – Сай айылдык
Кеңешинин төрагасы: Ажакматов И.К.

Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз
15-сессиясынын № 2- токтомуна
ТИРКЕМЕ:

1. Терек-Сай айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн “Эти Бакыр Терексай ” ЖЧКоомунун мурда келишилген социалдык пакеттин суммасынан тышкары төмөнкү көйгөйлүү маселелер жүктөлсүн:
— Биринчи кезекте жумуш менен жергиликтүү тургундар камсыз болушсун;
— Эти Бакыр Терексай ЖЧКсы колдонгон жардамчы кызматтарды: жумушчуларды ташуу, объектилердин күзөт иштери, тамак-ашка керектүү болгон азык-түлүктү сатып алууларды Ишкананын ички процедураларына жана базар-экономикалык шарттарга ылайык жергиликтүү элден алынуусу каралсын;
— “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКнун жетекчилиги, жергиликтүү тургундардан Ишканага жана айыл аймагына керек болгон кесипкөй адистердин окуусуна кете турган чыгымдарга жардам берсин;
— Терек-Сай айылына жаңы заманбап стандартка ылайык, бардык шарттары бар мектепти Эти Бакыр Терексай ЖЧКна тиешелүү болгон АБК имаратынын базасында Тереккан кенин иштетип баштаганга чейин долбоор жана курулуш иштери бүткөрүлүп ишке берилсин;
— Терек-Сай жана Кызыл-Токой айылдарына тигүү цехин ачып берүү маселеси каралсын;
— Доре алтын ылгалоочу фабрика (ЗИФ) дүйнөлүк стандарттын негизинде заманга шайкеш келген технология менен курулсун жана жашоочу тургундарга, мал чарбага жана экологияга зыянын тийгизбей турган болсун;
— Фабриканын курулуш технологиясы дүйнөлүк стандарттарга жооп бере турган сапатта жасалып, Кыргыз Мамлекетинин мыйзамдарына ылайык тийиштүү жана керек болгон экспертизалардан өтүп турсун;
— Аталган долбоордо каралган рекультивациялык иштер, Рекультивациялык долбоордун негизинде жана долбоорго ылайык өз убагында жүргүзүлсүн;
-Фабриканын курулушу менен экологиялык коопсуздукту сактоо иретинде, көз карандысыз экологиялык лабораториялардын анлиз жана мониторинг жасап турушун камсыз кылышсын;
— Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча текшерүүчү Мамлекеттик органдар пландык текшерүүлөрдү өз мезгилинде жүргүзүп турушсун;
— Жергиликтуу кенештин депутаттарынан атайын комиссия түзүлсүн. Түзүлгөн
Комиссия курулуш иштеринин жүрүшүндө жана фабриканын иштешинде, мезгил-
мезгили менен экологиялык жана техникалык коопсуздуктарды сактоо менен иш
жүрүп жатканын көзөмөлдөө үчүн, «Эти Бакыр Терексай” ЖЧКсынын иш
объектилерин кыдырат. Комиссия кыдыруу учурунда экологиялык жана техникалык
коопсуздук боюнча эрежелердин бузулганын, бекитилген нормалардан жана
мерчемдерден ашыкча болгон чачындылардын болгону байкалса, Комиссия
байкалган жана билинген иш бузуулар боюнча тийиштүү Мамлекеттик көзөмөлдөөчү
органдарга кайрылат жана жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйнтыгын сурайт.

Терек-Сай айылдык Кеңешинин комиссияга кирген депутаттары:
1. Ажакматов И. 4. Каипов М 7.Чотбаев У. 10.Курманбеков Ж
2. Орозбаева Ч. 5. Каныбеков Н. 8. Сартманбетов И. 11.Чымканаев Д.3.
3. Ташбаев М. 6. Тойчуев М. 9.Ташболотов.Ж.
Жалал-Абад областы , Чаткал району, Терек-Сай айылы
2018-жылдын 18-декабры.

Терек – Сай айылдык Кеңешинин
VIII чакырылышынын кезексиз 15-сессиясынын
№ 3 Т О К Т О М У
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ
ТЕРЕК-САЙСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА
Терек-Сай айылдык аймагынын мал санакчыларына эмгек акы төлөө жөнүндө.

Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 16-ноябрындагы № 125 буйругуна ылайык, Терек-Сай айылдык аймагында 2018-жылдын декабрь айында мал санак жана эл каттоо жүргүзгөн санакчыларга эмгек акы төлөө жөнүндө айылдык аймактын экономист-статисти А.Жантаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагында 2018-жылдын декабрь айында мал санак жана эл каттоо жүргүзгөн санакчыларга эмгек акы төлөө үчүн 27 000 (жыйырма жети миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Терек – Сай айылдык
Кеңешинин төрагасы: Ажакматов И.К.
Жалал-Абад областы , Чаткал району, Терек-Сай айылы
2018-жылдын 18-декабры.

Терек – Сай айылдык Кеңешинин
VIII чакырылышынын кезексиз 15-сессиясынын
№ 4 Т О К Т О М У

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ
ТЕРЕК-САЙСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА
“АРИСтин ПРЖР-2” долбоорун кароо жана ал долбоорго Терек-Сай жайыт комитетинин гранттык эсебинен каражат кароо жөнүндө.

Терек-Сай айылдык аймагынын Терек-Сай айылынын Май-Таш участкасына жана Кызыл-Токой айылынын Тамчы-Сай участкасына “Беккари чуңкурчасында” куруу боюнча “АРИСтин ПРЖР-2” долбоорунун алкагында жайыт комитетинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймактагы жайыт пайдалануучуларга ыңгайлуу шарт түзүү максатында “АРИСтин ПРЖР-2” долбоорун алкагында Терек-Сай айылынын Май-Таш участкасына жана Кызыл-Токой айылынын Тамчы-Сай участкасына “Биотермикалык чуңкурчасын куруу” үчүн Терек-Сай жайыт пайдалануучулар бирикмеси даярдаган долбоорлор жактырылсын.
2. Долбоорду толук кандуу ишке ашырууда өздүк салымда көрсөтүлгөн акча каражатын Терек-Сай айылдык аймагы жана Терек-Сай жайыт комитетине камсыздоо жагы колго алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Терек – Сай айылдык
Кеңешинин төрагасы: Ажакматов И.К.
Жалал-Абад областы , Чаткал району, Терек-Сай айылы
2018-жылдын 18-декабры.
Терек – Сай айылдык Кеңешинин
VIII чакырылышынын кезексиз 15-сессиясынын
№ 5 Т О К Т О М У
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ
ТЕРЕК-САЙСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы “Бүчүр” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жаңы салынып жаткан 100 орундуу имаратынын курулуш иштерине акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө.

Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы “Бүчүр” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жаңы салынып жаткан имаратынын курулуш иштерине акча каражатын чечип берүү жөнүндөгү “Астас строй” ЖЧКоомунун жетекчиси Т.С.Дозоновдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы “Бүчүр” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жаңы салынып жаткан 100 орундуу имаратынын курулуш иштерине 2, 500 млн сом акча каражатын бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Терек – Сай айылдык
Кеңешинин төрагасы: Ажакматов И.К.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ
ТЕРЕК-САЙСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА
Жалал-Абад областы , Чаткал району, Терек-Сай айылы
2018-жылдын 18-декабры.

Терек – Сай айылдык Кеңешинин
VIII чакырылышынын XII кезексиз 15-сессиясынын
№ 6 Т О К Т О М У
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жана жалпы билим берүүчү орто мектептеринде “Балаты” майрамына карата балатыны жасалгалоо жана балдарга белектерди алып берүү жөнүндө.
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жана жалпы билим берүүчү орто мектептеринде “Балаты” майрамына карата балатыны жасалгалоо жана балдарга белектерди алып берүү жөнүндө жетекчилердин кайрылууларын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жана жалпы билим берүүчү орто мектептеринде “Балаты” майрамына карата балатыны жасалгалоо жана балдарга белектерди алып берүү үчүн “Ай-Нуру”, “ мектепке чейинки билим берүү уюмуна 7000 (жети миң) сом жана “Келечек” мектепке чейинки билим берүү уюмуна 7000 (жети миң) сом, “Бүчүр” мектепке чейинки билим берүү уюмуна 5000 (беш миң) сом, Терек-Сай жалпы билим берүүчү орто мектебине 8000 (сегиз миң) сом, А.Чымканаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине 8000 (сегиз миң) сом, Б.Камчыбеков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине 8000 (сегиз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Терек – Сай айылдык
Кеңешинин төрагасы: Ажакматов И.К.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ
ТЕРЕК-САЙСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА
Жалал-Абад областы , Чаткал району, Терек-Сай айылы
2018-жылдын 18-декабры.

Терек – Сай айылдык Кеңешинин
VIII чакырылышынын кезексиз 15-сессиясынын
№ 7 Т О К Т О М У
Сумсар жалпы билим берүүчү орто мектебине райондук денгээлде өтүүчү предметтер аралык олимпиадага окуучулардын барып келүү үчүн жол чыгымдарын төлөө жөнүндө.
Сумсар жалпы билим берүүчү орто мектебине райондук денгээлде өтүүчү предметтер аралык олимпиадага Терек-Сай айылдык аймагына караштуу жалпы билим берүүчү орто мектебинин окуучуларын барып келүү үчүн жол чыгымдарын төлөө жөнүндө Терек-Сай жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору Т.Орозбаевдин кайрылуусу угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Сумсар жалпы билим берүүчү орто мектебине райондук денгээлде өтүүчү олимпиадага окуучулардын барып келүү жол чыгымдарын төлөө үчүн 21 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.

2 Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

3 Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Терек – Сай айылдык
Кеңешинин төрагасы: Ажакматов И.К.
Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Терек-Сай айылы
2018-жылдын 18-декабры.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ
ТЕРЕК-САЙСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА

Терек – Сай айылдык Кеңешинин
VIII чакырылышынын кезексиз 15-сессиясынын
№ 8 Т О К Т О М У
Жалал-Абад шаарында боло турган волейбол оюнуна баруу үчүн жол чыгымдарын төлөө жөнүндө

Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Эшалы Болуш көчөсүндө жайгашкан спорт залдын тренери Ж.Ташболотовдун Жалал-Абад шаарында “2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылына карата” боло турган областтык денгээлде өтүүчү волейбол оюнуна балдар жана кыздар командасын алып баруу үчүн жол чыгымдарын чечип берүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Жалал-Абад шаарында “2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылына карата” боло турган облустук денгээлде өтүүчү волейбол оюну боюнча мелдешке балдар жана кыздар командасын алып барып келүү максатында жол чыгымдарын төлөө үчүн 11 000 (он бир миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2 Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

3 Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Терек – Сай айылдык
Кеңешинин төрагасы: Ажакматов И.К.

Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Терек-Сай айылы
2018-жылдын 18-декабры.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ
ТЕРЕК-САЙСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА

Терек – Сай айылдык Кеңешинин
VIII чакырылышынын кезексиз 15-сессиясынын
№ 9 Т О К Т О М У
Турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө.
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Терек-Сай айылынын тургундары: Канымбү Омурзакованын күйөөсү Омурзаков Алишердин, Гульфира Ахунжанованын, II топтогу майып Чолпонбай Жаркуловдун ден соолугуна жана Сейилкан Нурумбетованын, Жанылай Баимбетованын жана Мырзаева Эльмиранын турмуш шарттарына байланыштуу материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө кайрылууларын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Терек-Сай айылынын тургундары: Омурзаков Алишерге 15 000 (он беш мин) сом, Г.Ахунжановага 10 000 ( он миң) сом, Ч.Жаркуловго 2000 (эки миң) сом, Ж.Баимбетовага 15 000 (он беш миң) сом, Мырзаева Эльмирага 10 000 (он мин) сом акча каражаттары ден соолуктарына жана турмуш шарттарына байланыштуу дарылануу үчүн бөлүнүп берилсин.

2 Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

3 Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Терек – Сай айылдык
Кеңешинин төрагасы: Ажакматов И.К.
Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Терек-Сай айылы
2018-жылдын 18-декабры.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ
ТЕРЕК-САЙСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА

Терек – Сай айылдык Кеңешинин
VIII чакырылышынын кезексиз 15-сессиясынын
№ 10 Т О К Т О М У
Терек-Сай айылдык маданият үйүнүн музыкалык аппаратурасын оңдоо жана жаңы жылдык майрамга карата белектерди алуу жөнүндө.

Терек-Сай айылдык маданият үйүнүн музыкалык аппаратурасын оңдоо жана “Жаңы жылдык майрамды” жогорку денгээлде өткөрүү максатында белектерди алуу жөнүндө айылдык маданият үйүнүн жетекчиси К.Токонованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Терек-Сай айылдык маданият үйүнүн музыкалык аппаратурасын оңдоо жана “Жаңы жылдык майрам” өткөрүү үчүн Терек-Сай айылына 10 000 (он миң) сом жана Кызыл-Токой айылына 10 000 (он миң) сом, Ак-Терек айылында жаны жыл майрамын өткөрүү үчүн 10 000 (он миң) сом акча каражаттары жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.

2 Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

3 Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Терек – Сай айылдык
Кеңешинин төрагасы: Ажакматов И.К.
Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Терек-Сай айылы
2018-жылдын 18-декабры.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ
ТЕРЕК-САЙСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА
Терек – Сай айылдык Кеңешинин
VIII чакырылышынын кезексиз 15- сессиясынын
№ 11 Т О К Т О М У
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу жалпы билим берүүчү орто мектептеринде социалдык колдоого муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн мектеп жашындагы окуучуларга материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө.
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу жалпы билим берүүчү орто мектептеринде социалдык колдоого муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн мектеп жашындагы жарым жетим окуучуларга материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө ФЭБ башчынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Терек-Сай айылдык аймагына караштуу жалпы билим берүүчү орто мектептеринде социалдык колдоого муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн мектеп жашындагы окуучуларга материалдык жардам көрсөтүү үчүн 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.

2 Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

3 Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Терек – Сай айылдык
Кеңешинин төрагасы: Ажакматов И.К.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ
ТЕРЕК-САЙСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА
Жалал-Абад областы , Чаткал району, Терек-Сай айылы
2018-жылдын 18-декабры.

Терек – Сай айылдык Кеңешинин
VIII чакырылышынын кезексиз 15- сессиясынын
№ 12 Т О К Т О М У
Терек-Сай айылдык аймагынын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө,
турмуш шарты оор пенсионерлерге материалдык жардам катарында көмүр менен камсыз кылуу жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагынын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө, турмуш шарты оор пенсионерлерге материалдык жардам катарында көмүр менен камсыз кылуу жөнүндө айылдык аймак башчысы Б.Ашырбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз айылдык 15-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Терек-Сай айылдык аймагынын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө, турмуш шарты оор пенсионерлерге материалдык жардам катарында көмүр менен камсыз кылуу үчүн 80 000 (сексен миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө укук, мыйзамдуулук, этика жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек – Сай айылдык
Кеңешинин төрагасы: Ажакматов И.К
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
КЫРГЫЗКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ
ТЕРЕК-САЙСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА

Жалал-Абадоблусу, Чаткал району, Терек-Сай айылы
2018-жылдын 25-декабры.

Терек – Сай айылдык Кеңешинин
VIII чакырылышынын кезексиз 16-сессиясынын

№ 1 Т О К Т О М У
Терек-Сай айылдык аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорун, 2020-2021-жылдардын божомолун бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын бюджет жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Терек-Сай айылдык аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга карата киреше жана чыгыша бөлүктөрүнүн долбоорун, 2020-2021-жылдардын божомолун бекитүү жөнүндө Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 16-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Терек-Сай айылдык аймагынын 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 16200,7 миң сомго анын ичинен атайын каражаттар эсебине 1300,0 миң сомго №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Терек-Сай айылдык аймагынын 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү 16200,7 миң сомго анын ичинен атайын каражаттар эсебине 1300,0 миң сомго №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын бюджетинин негизги принциптери жана укуктары жөнүндөгү мыйзамынын 21 беренесине ылайык айылдык аймагынын башчысынын резервдик фонду 162,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Жергиликтүү бюджет биринчи кезекте коргоого алынган беренелерге жана коммуналдык чыгымдарга каржылоо жагы белгиленсин.
5. Терек-Сай айыл аймагынын 2020-жылга карата бюджетинин долбоору 18133,6 миң сомго, 2021-жылга карата божомолу 21237,6 ми н сомго бекитилсин.
6. .Бекитилген лимиттерди өз убагында каржылоо жана максаттуу пайдаланышын камсыз кылуу жагы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБнун башчысы Суванова Тамарага милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Терек – Сай айылдык
Кеңешинин төрагасы: Ажакматов И.К.
Жалал-Абадоблусу, Чаткал району, Терек-Сай айылы
2018-жылдын 25-декабры

Терек – Сай айылдык Кеңешинин
VIII чакырылышынын кезексиз 16-сессиясынын
№ 2 Т О К Т О М У
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
КЫРГЫЗКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ
ТЕРЕК-САЙСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА

Терек-Сай айылдык аймагында жаңы жылдык майрамды өткөрүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагында жаңы жылдык майрамды өткөрүү боюнча ФЭБнүн башчысы Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 16-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылына жана Ак-Терек көчөсүнө жаңы жылга карата 5 метрлик арча алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 50,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Бекитилген лимиттерди өз убагында каржылоо жана максаттуу пайдаланышын камсыз кылуу жагы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБнүн башчысы Суванова Тамарага милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Терек – Сай айылдык
Кеңешинин төрагасы: Ажакматов И.К.

хххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххх

Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Терек-Сай айылы
2018-жылдын 25-декабры.

Терек – Сай айылдык Кеңешинин
VIII чакырылышынын кезексиз 16-сессиясынын

№ 1 Т О К Т О М У
Терек-Сай айылдык аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорун, 2020-2021-жылдардын божомолун бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын бюджет жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Терек-Сай айылдык аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга карата киреше жана чыгыша бөлүктөрүнүн долбоорун, 2020-2021-жылдардын божомолун бекитүү жөнүндө Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 16-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Терек-Сай айылдык аймагынын 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү16200,7 миң сомго анын ичинен атайын каражаттар эсебине 1300,0 миң сомго бекитилсин.
2. Терек-Сай айылдык аймагынын 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү16200,7 миң сомго анын ичинен атайын каражаттар эсебине 1300,0 миң сомго бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын бюджетинин негизги принциптери жана укуктары жөнүндөгү мыйзамынын 21 беренесине ылайык айылдык аймагынын башчысынын резервдик фонду 162,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Жергиликтүү бюджет биринчи кезекте коргоого алынган беренелерге жана коммуналдык чыгымдарга каржылоо жагы белгиленсин.
5. Терек-Сай айыл аймагынын 2020-жылга карата бюджетинин долбоору 18133,6 миң сомго, 2021-жылга карата божомолу 21237,6 ми н сомго бекитилсин.
6. .Бекитилген лимиттерди өз убагында каржылоо жана максаттуу пайдаланышын камсыз кылуу жагы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБнун башчысы Суванова Тамарага милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Терек – Сай айылдык
Кеңешинин төрагасы: Ажакматов И.К.

Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Терек-Сай айылы
2018-жылдын 25-декабры

Терек – Сай айылдык Кеңешинин
VIII чакырылышынын кезексиз 16-сессиясынын
№ 2 Т О К Т О М У
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
КЫРГЫЗКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ
ТЕРЕК-САЙСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА

Терек-Сай айылдык аймагында жаңы жылдык майрамды өткөрүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагында жаңы жылдык майрамды өткөрүү боюнча ФЭБнүн башчысы Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 16-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылына жана Ак-Терек көчөсүнө жаңы жылга карата 5 метрлик арча алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 50,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Бекитилген лимиттерди өз убагында каржылоо жана максаттуу пайдаланышын камсыз кылуу жагы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБнүн башчысы Суванова Тамарага милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Терек – Сай айылдык
Кеңешинин төрагасы: Ажакматов И.К.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *