Мекенди коргоо күнү бала бакчада белгиленди

Байчечекей сынагы 1 байчечекей сынагы 2 байчечекей сынагы 3 байчечекей сынагы 4  20-февраль күнү Каныш-Кыя айылындагы “Наристе” балдар бакчасында 23-февраль-Мекенди коргоо күнүнө карата “Жүрөгүмдө сактаймын, карегимде Ата-Журт” аттуу сынак болду. Сынакка бакчанын сегиз тарбиялануучусу өздөрүнүн аталары, апалары, чоң ата, таяталары менен биргеликте катышып, күч сынашты. Сынактын жобосуна ылайык, катышуучулар саламдашуу, атуулдук обондуу ыр, бийлерди аткаруу, спорттук көнүгүүлөрдү жасоо сыяктуу номерлерди аткарышып, өздөрүнүн таланттарын көргөзүү менен, көрүүчүлөргө шаттуу маанай тартуулашты. Сынактын соңунда, калыстардын акыйкат чечими менен 1-орун Эшикулов Адылбек менен уулу Асанбеков Алтынбекке жана Алиев Тыныбек менен небереси Болотакунов Жалилге ыйгарылды. 2-орун Черикчиева Паризат менен уулу Сатыбалдиев Ырысдөөлөт жана Турсунбаев Мирлан менен уулу Осмонов Тынчтыкбек ээ болушту. 3-орунга болсо, Тайырбекова Элнура менен уулу Каримов Исламбек ээ болушту. Ал эми 4-орун Рахматова Жазгүл менен уулу Сазанканов Бекназар, Кайкиева Паризат менен уулу Казаков Нурмамат жана Сейитбеков Болоткан менен небереси Болотканов Ариетке берилди. Сынактын жүрүшү абдан кызыктуу деңгээлде өтүп, көрүүчүлөр ушундай кызыктуу сынакты уюштурган Козубаева Аида жетектеген бакчанын жааматына ыраазылыктарын билдиришти. М. Эшназаров]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *