Кулактандыруу!

Каныш-Кыя айыл өкмөтү төмөнкү бош кызмат орунуна ачык сынак жарыялайт:
Жетектөөчү адис –Кирешелер боюнча (К-А) 1 (бир) бош орун
Квалификациялык талаптар:
1. Кесиптик билиминин деңгээли:
— Жогорку же болбосо орто кесиптик билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, менеджмент, экономика, финансы, айыл чарба жана гуманитардык илимдер чөйрөсүндөгү).

2.Стажы жана иш тажрыйбасы:
— Иш стажына талап коюлбайт;

3. Кесиптик компетенттүүлүгү
— Тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, Жер кодекси, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”).
— кызмат орундарынын милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилди билүүсү.

4. Кирешелер боюнча жетектөөчү адистин функционалдык милдеттери.

Улук салык инспектору төмөнкүлөргө милдеттүү:
— кеңештин чечими менен киргизилген аймакта колдонулуучу жергиликтүү салыктардын жана жыйымдардын түшүүсүнүн түзүлгөн динамикасын, ошондой эле уюмдун, мекеменин жана ишкананын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнөн келип чыгып жалпы мамлекеттик салыктардан чегерүүлөрдү жана жергиликтүү бюджеттин кирешесине чегерүүлөрдүн белгиленген нормативдерин эске алуу менен жергиликтүү коомдоштуктун аймагын социалдык-экономикалык өнүктүрүү божомолунун маалыматтарынын негизинде алдыдагы финансылык жылга жана орто мөөнөттүү (үч жылга) келечекке жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү боюнча иштерди түздөн-түз жүргүзүүгө;
— жергиликтүү бюджетке төлөмдөрдүн өз учурунда жана толук түшүшүнө туруктуу контроль жүргүзүүгө, салык төлөөчүлөрдүн төлөмдүк жана финансылык тартиптерди сактоолору боюнча текшерүүлөрдү уюштурууга жана жүргүзүүгө;
— өз компетенциясынын чектеринде Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык төлөмдүк тартипти бузуучу чарбакер субъекттерге чараларды көрүүгө;
— бюджетке төлөмдөр боюнча кыянат төлөбөөчүлөрдөн карыздарды (салык калдыгын) өндүрүү боюнча сунуштарды даярдоого;
— ошол аймакка натыйжасыз жергиликтүү салыктардын жана жыйымдардын айрым түрлөрүн алып салуу боюнча сунуш киргизүүгө;
— жогору турган финансылык органдарга берүү үчүн жергиликтүү кеңештин кароосуна жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн көрсөткүчтөрү боюнча зарыл материалдарды даярдоого, кварталдар боюнча бөлүү менен бюджетке төлөмдөрдүн планын түзүүгө, аны аткаруу үчүн чарбакер субъекттерге билдирүүнү камсыз кылууга;
— бюджеттин киреше бөлүктөрүн түзүү бөлүгүндө бюджеттик процесстин ачык-айкындыгын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө;
— бюджеттин киреше бөлүгү боюнча белгиленген финансылык отчеттуулукту өз учурунда түзүүнү жана берүүнү камсыз кылууга;
— мезгил-мезгили менен (квартал сайын) бюджетке айыл өкмөтүнүн аймагында аныкталган төлөмдөрдүн түшүүсүнө талдоо жүргүзүүгө жана бөлүмдүн начальнигине тиешелүү сунуш киргизүүгө;
— салык салуу маселелерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларды түшүндүрүү жана колдонуу боюнча юридикалык жана жеке жактарга консультациялык жардам көрсөтүүгө.

5. Сынакка катышуу учун документтер:
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтердин топтому өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
— жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмесин, сүрөтүн;
— паспорттун көчүрмөсүн;
— керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);
— сунуш каттарын (мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын талабы боюнча);
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган учурларда ден соолук абалы жөнүндө маалымкат.
Аңгемелешүү этабына катышууга уруксат берилген талапкерлерге мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан компетенттүү мамлекеттик органдардан талапкердин соттолбогондугу жөнүндө маалымкат талап кылынат.
— Эгерде конкурстан өтүп, кызмат орунуна дайындалган адамда жоюлбаган соттолгондугу бар экени аныкталса, анда мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алат.

Документтерди кабыл алуу 2018-жылдын 3-октябрында саат 17:30да аяктайт.
Дареги: Каныш-Кыя айылы , Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн имараты. Моб:0771 78 79 73, 0554 55 65 85

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *