Чаткалда ооганчылардын майрамы белгиленди

Чаткал районунда 15-февраль-Советтик жоокерлердин Ооган жергесинен чыгарылган күнү район аймагында жашаган жашаган ооган ардагерлеринин катышуусунда чоң салтанат менен белгиленди.
Мында, бул маанилүү күнгө карата, райондун төрт айыл өкмөтүнүн ар биринде ыр, күү коштогон жолугушуу кечелери уюштурулуп, ооганчыларды айыл өкмөтүнүн кызматкерлери мектеп мугалимдери жана окуучулары менен биргеликте кызуу куттукташты.
Атап айтсак, ооганчылардын күнү Каныш-кыя айыл аймагында 14-февралда Айгыр-Жал айылындагы “Исмаил уулу Матиш” атындагы орто мектебинде белгиленди. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн демилгеси менен уюштурулган бул салтанаттуу кечеге айыл аймакта жашаган ооган ардагери Нурбек Нышанов, райондук социалдык жактан коргоо башкармасынын башчысы Дүйшөнбек Чыналиев, Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы Эркинбек Кошбаев, Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн катчысы Гүнөтай Ибраева жана айыл тургундары катышып, мектеп окуучулары тарабынан даярдалган салтанаттуу кеченин күбөлөрүнөн болушту.
Салтанаттуу кечени өткөрүүгө айыл өкмөтү тарабынан алты миң сом акча каражаты жумшалды.
Чаткал айыл аймагында ооганчыларга арналган салтанаттуу кече Курулуш айылындагы “С. Мырзалиев” орто мектебинде болду. Мында, бул кечеге ооган ардагерлери Бакай Мырзалиев, Кадырбек Темиров, Чаткал айыл аймагынын кызматкери Мирсапар Абдубалиев, мектеп мугалимдери жана айыл тургундары катышып, ооганчыларды майрамы менен кызуу куттукташты.
Терек-Сай айыл аймагында ооганчылардын майрамы 13-февраль күнү белгиленди. Бул күнү айыл өкмөтүнүн кеңсесинде ооганчылар үчүн ак дасторкон жайылып, ага айыл аймакта жашаган сегиз ооган ардагери жана бир ооган ардагеринин жесири чакырылып, айыл аймактын жана “Кыргызалтын” ААКтын Терек-Сай бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кызуу куттуктоолор айтылып, белектер тапшырылды.
Салтанаттуу кечени өткөрүү айыл өкмөтү тарабынан каржыланып, ага он миң сом акча каражаты жумшалды.
Ал эми, ооганчылар күнүнө арналган салтанаттуу кече Сумсар айыл аймагында 16-февралда белгиленди. Бул күнү айыл өкмөттүн кызматкерлери айыл аймакта жашаган ооган ардагерлери Дүйшөнбек Адылбеков менен Адиш Акимбековдорду кызуу куттукташып, аларга узун өмүр, бекем ден-соолук каалашып, белектерди тапшырышты. Салтанаттуу кечени белгилөөгө айыл өкмөтү тарабынан эки миң сом акча каражаты жумшалды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *