Урматтуу салык төлөөчүлөр! Мамлекеттик салык кызматынын Чаткал району боюнча башкармалыгы Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 92-беренесинин талаптарына ылайык мекеме уюмдар жана юридикалык жактардын, 2014-жыл үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 2015-жылдын 2-мартында аяктарын эскертет. Бирдиктүү салык декларациясы Мамлекеттик салык кызматынын Чаткал району боюнча башкармалыгында ишемби жана жекшембиден башка күндөрү саат 9.00 дөн 18.00 гө чейин жүргүзүлөт. Тыныгуу убактысы 12.30 дан 13.30 га чейин. Байланыш телефондор: 03749 6-02-36, 0771 50-52-63, 0772 61-89-64 Ошондой эле толук маалыматты Мамлекеттик салык кызматынын Колл-борборунун бирдиктүү 194 номуру аркылуу алууга болот. Эгерде белгиленген убакта декларация тапшырылбаса Кыргыз Республикасынын административдик жаза кодексинин 351-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө айыпка кириптер болушуңуздарды эскертет! Дареги: Салык кызматынын Чаткал району боюнча башкармалыгы]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *