Өткөн жуманын бейшемби күнү Жаңы-Базар айылындагы Т. Жаналиев орто мектебинде «Кылмыштуулуктун арты-өкүнүч» аттуу тегерек стол болду.
Иш чарага райБББ, РИИБ, ЖДПБ, райондук соцкоргоо мекемелеринин тийиштүү кызматкерлери, райондогу мектептерден келген мугалимдер, айыл имамы, ата-энелер жана жогорку класстардын окуучулары катышып, мында мектеп окуучуларынын арасында кездешип жаткан кылмыштуулук боюнча талкуу өткөрүлдү.
Талкуунун жүрүшүндө окуучуларга интернеттин терс таасири, өспүрүм кыздардын эрте турмушка чыгып жаткан себептери, окуучуларды ар түрдүү терс диний агымдарга кирип кетип жаткандыгы тууралуу көйгөйлүү маселелер ортого салынып, катышуучулардын көпчүлүк бөлүгү жогорудагыдай терс көрүнүштөргө ата-энелердин өз балдарын жөндүү тарбиялай албай жаткандыгы себеп деген ойлорун айтышты.
М.Эшназаров