Малга татаал операцияларды жасаган Өмүрбек аба

Айгыр-Жал айылынын тургуну, ветеринар дарыгер Беккулиев Өмүрбек аба карыса да өзүнүн сүйгөн кесибин таштабай,  элге пайдасын тийгизип келет. Ал жыл сайын 3-4- кара малга, он чакты кой-эчкиге ар кандай операцияларды жасап, калктын колундагы төрт түлүк малынын амандыгына салым кошуп келүүдө. -Өз практикамда көбүнчө тууй албай, кыйналган уйлардын жатынына операция жасап келүүдөмүн. Бир ирет уйга ценуроз (айламбаш) оорусуна да операция жасап, айыктыргам. Козуларга да операция жасадым, бирок аман алып кала албадым. Жылкыга операция жасап көрө  элекмин-дейт Өмүрбек аба биз менен ой бөлүшүп жатып.

20180411_113227

Өмүрбек аба 1968-жылы мурдагы Фрунзе, азыркы Бишкек шаарындагы айыл чарба институтунун ветеринардык факультетин аяктаган. Жогорку билимдүү ветеринар дарыгер. Көп кырк жыл бою Чаткал районунун совхоздорунда өз кесиби боюнча эмгектенип келген. Азыркы кезде ардактуу эс алууда.

-Колдон келген жумушту аткарып келатам. Жардам сурап кайрылгандарга жок дебейм-дейт Өмүрбек аба.

Калк колунда төрт түлүктүн саны өсүп, ветеринарларга таңкыстык болуп жаткан азыркы мезгилде Өмүрбек абанын элге тийгизип жаткан пайдасын баалабай коюуга болбос.

М. Эшназаров

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *