Белгилүү педагогдун ысмы көчөгө берилди

13-апрель күнү Коргон-Сай айылындагы чоң көчөлөрдүн бирине белгилүү педагог Ашыркул Абдыкеримовдун ысмы салтанаттуу түрдө ыйгарылды.

Салтанатка район акиминин орунбасары Жуманалы Накетаев, Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошев, билим берүү кызматкерлеринин райондук кесиптик бирлигинин төрагасы Ызан Кудайбердиев, ДЭП-27 жол тейлөө ишканасынын башчысы Муратбек Жоошев, маркумдун үй бүлөсү, жакын туугандары жана айыл тургундары катышты.

Азем алдынан алгач, Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошев маркум Ашыркул Абдыкеримовдун өмүр баяны менен тааныштырды.DSC_0071 DSC_0009 DSC_0013 DSC_0046 DSC_0063

Андан соң,  келген коноктор жана айыл тургундары маркумду эскерүү сөздөрүн  айтышып, Ашыркул Абдыкеримовдун эл-жерге сиңирген зор эмгегин баалап, көчөгө ысмын коюп жаткан Каныш-Кыя айыл аймагына жана айылдык кеңешине, бул ишке демилге көтөргөн маркумдун өмүрлүк жары Ажар Абдыкеримовага жана уул-кыздарына ыраазылык билдиришти.

Азем соңунда маркумга багышталып куран окулуп, кызыл тасмасы кесилип, маркумдун аты жазылган көрнөк ачылды.

М. Эшназаров

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *