Айгыр-Жалда ишембилик өткөрүлдү

8-9-апрель күндөрү Айгыр-Жал айылында ишембилик өткөрүлдү.

Ишембиликтин жүрүшүндө айылдын борбордук көчөсү жана 7 ички көчөлөр акыр-чикирден тазаланып, эки чоң автомашина жана бир трактордун жардамы менен айылдан сырткары ташылып чыгарылды. Бул тууралуу Айгыр-Жал айылынын айыл башчысы Капарбек Исмаилов маалымдады. Анын маалымдашынча, ишембиликке эки жүздөн ашуун адам чыккан.  IMG-20180409-WA0012 IMG-20180409-WA0011 IMG-20180409-WA0016 IMG-20180409-WA0018 IMG-20180409-WA0017-Каныш-Кыя айыл аймагы жардам катары бир тракторду бөлүп берди. Буга кошо эле, эки жеке менчик автомашинага күйүүчү май куюп берди.  Жыйынтыгында, отуз тоннадан ашуун акыр-чикир айыл ичинен ташылып чыгарылды-деп кошумчалады Капарбек Исмаилов.

Эскерте кетсек, буга чейин айыл тургундары өздөрү жашаган көчөлөргө гана ишембилик өткөрүп келишсе, быйыл айылдык деңгээлде ишембилик уюштурулуп, башка айылдарга да үлгү болоорлук жумуш аткара алышты.

М.Эшназаров

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *