Терек-Сайда райондук «Чаткал периси-2018» кароо-сынагы болду

19-март күнү Чаткал районунун Терек-Сай айылдык маданият үйүндө райондун 4 айыл аймагынын кыз-келиндери катышкан «Чаткал периси-2018»  кароо-сынагы болду.

Кароо-сынаккка жалпысынан 7 кыз-келин катышып, саламдашуу, өз өнөрүн көргөзүү, улуттук жана эвропалык стилде бийлөө, мода көрсөтүү, кыргыз элинин улуу жазуучусу Ч. Айтматовдун чыгармаларынан монолог айтуу сыяктуу жалпысынан 6 номер боюнча өз өнөрлөрүн корсөтүшүп, күч сынашышты. пери-2018 DSC_0322пери-2018 DSC_0328

пери-2018 DSC_0332 пери-2018 DSC_0351 пери-2018 DSC_0315 пери-2018 DSC_0385 пери-2018 DSC_0399 пери-2018 DSC_0405

Кароо-сынак жогорку уюшкандыкта өтүп, соңунда калыстардын баалоосу менен 1-орун Жаңы-Базар айылынан келген Талантбек кызы Айгеримге ыйгарылып. I-даражадагы Диплом жана 5000 сом акчалай байге менен сыйланды. 2-орун Шакафтар айылынан келген Айтурган Эгеновага берилип, II-даражадагы Диплом жана 3000 сом акчалай байгеге ээ болду. 3-орунга Терек-Сай айылынын катышуучусу Айдана Мамырбекова ээ болуп,   III-даражадагы Диплом жана 2000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды. Ал эми,  Айгыр-Жал айылынын катышуучусу Айжамал Сатымкулова «Сахна жылдызы», Кызыл-Токой айылынын катышуучусу Бибигүл Апсамат кызы «Үлгүлүү кыз», Сумсар айылынын катышуучусу Айнагүл Ташматова «Ажарлуу айым», Курулуш айылынын катышуучусу Жаңылай Салиева «Бийкеч» номинацияларына ээ болушту.

Эскерте кетсек, «Чаткал периси-2018» кароо-сынагы раймамадминистрация, райондук маданият бөлүмү жана райондук жаштар кеңеши тарабынан уюштурулуп, райондогу төрт айыл аймак тарабынан каржыланды.

М. Эшназаров

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *