Видеокөзөмөл билим сапатына зор пайда берүүдө

Бүгүнкү күндө мектеп окуучуларынын арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу маселеси биринчи орунга чыгып, буга карата жер-жерлерде райондук, облустук жана республикалык деңгээлде иш чаралар өткөрүлүп жаткандыгы маалым. Антсе да, республикабызда мектеп окуучулары катышкан кылмыштардын саны кыскарбай келаткандыгы өтө өкүнүчтүү.  Бирок, мындай жагдайда ар бир мектеп жетекчилиги кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча чукул чараларды көрүп, ар тараптуулук менен аракеттенсе жакшы жыйынтык чыгаарын Чаткал районунун Чакмак-Суу орто мектеби далилдеп койду.

Айта кетсек,  мектеп мугалимдери тарабынан уюшулган «Алтын казына» фондунун каражатына өтүп бараткан окуу жылынын башталышында мектептин кире беришинен баштап 7 класстык бөлмөсүнө, мугалимдер канасына, ашканага жана тийиштүү жерлерге жалпысынан 16 даана видеокөзөмөл орнотулган эле. Мунун натыйжасында окуучулар арасындагы тартипсиздик таптакыр тыйылып, билим берүү ишинде бир топ алга жылуулар болду.  Тактап айтканда, II-чейректин жыйынтыгы менен окуучулардын билим сапаты 49,1 пайызды түзүп, жыл башындагыга салыштырганда 5,3 пайызга жогорулаган.видеокөзөмөл DSC_0974 видеокөзөмөл DSC_0977видеокөзөмол DSC_0856 — копия видеокөзөмөл 1 видеокөзөмөл 2 видеокөзөмөл DSC_0954 видеокөзөмөл DSC_0958 видеокөзөмөл DSC_0981

Видеокөзөмөлдүн мектептин жалпы эле ички тартибине зор таасири бар экендигин айткан мектептин директору Бактыбек Турсункулов-Видеокамераларды сатып алууга мугалимдердин «Алтын казына» фондунан жалпысынан 75 миң сом акча каражаты жумшалган. Видеокөзөмөл орноткондон бери окуучулар арасында гана тарип маселеси оң жолго коюлбастан, мугалимдерибиздин да сабак өтүүсүндө активдүүлүгү артты. Себеби, ар бир класста сабак кантип өтүлүп жаткандыгы  директордун кабинетиндеги жалпы монитордон көрүнүп тургандыктан, мугалимдер да сабак учурунда себепсиз сабакты таштап, сыртка чыгып кете алышпайт. Мындан сырткары, чарбалык, же башка жумуштар менен 2-3 күнгө кетип калсам да, видеокөзөмөлдү кайра артка түрдүрүп, директор жок кезде мектепте  кандай иштер болгондугун көрүп алам. Бул мектептеги тартипти өз деңгээлинде кармап турууга чоң жардам  берет экен. -дейт.

Бүгүнкү күндө мектепте 136 окуучу билим алууда.

Кеп соңунда, башка мектептер да Чакмак-Суу мектебинен үлгү алып, сырттан колдоо күтүп  олтурбай эле, өздөрүнүн  ички каражаттарын туура пайдалануу менен, мектептин жалпы ички тартибин оң жолго коюп алышса болоор деген изги тилекти айткыбыз келет.

М. Эшназаров.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *