Жеке ишкерлердин жана соода-сатык дүкөн ээлеринин эсине!

Салык кызматынын Чаткал району боюнча башкармалыгы КР салык кодексинин 342-беренесинде белгилегендей, ар бир жеке ишкердин ишкерди кылуу  үчүн айыл аймактан алган токтомдун негизинде соода-сатык үчүн алынган, айыл чарбасына байланышпаган жер аянттары боюнча (райондук Мамкаттоодон алынган күбөлүктүн негизинде) 2018-жылдын 1-февралына чейин маалымат расчетторун берүүнүзөрдү талап кылат.

2018-жылдын 1-февралынан кечигип, жер салыгынын маалымат расчетторун өз мөөнөтүндө бербеген атуулдарга КР административдик жаза кодексинин 346-беренесинин негизинде 2000 (эки миң) сом өлчөмүндө айыпка кириптер болушуңуздарды эскертет.

Ошондой эле толук маалыматты Мамлекеттик саылк кызматынын КОЛЛ-борборунун бирдиктүү 194 номуру аркылуу алууга болот.

Сурап билүү тел: 03749 6 02 36, моб. тел: 0772618964, 0771505263

 

Салык кызматынын Чаткал району боюнча башкармалыгы

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *