Балдар бакчалары оңдолду

Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан өтүп бараткан жыл ичинде бала бакчаларды куруу жана оңдоп-түзөө иштери жүргүзулдү. Токтоло кетсек, Кайын-Суу участогуна былтыр курулуп баштаган бала бакчанын курулушунун уланышына жыл башында тендер өткөрүлүп, тендердин жыйынтыгы менен бул иштерди аткарууга 10745,0 мин сомго келишим түзулгөн эле. Бүгүнкү күндө, бала бакчанын курулуш иштери аяктап, ишке берилүү алдында турат. Коргон-Сай айылындагы жаны курулган бала бакчанын курулушун аягына чыгарып, колдонууга берүү үчүн жыл башында 1600,0 мин сом каралган. Өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы менен 2176,3 мин сомго келишим түзүлүп, курулуш иштери толугу менен бүткөрүлдү. Коргон-Сай айылындагы жаны курулган бала бакчага кошумча кошумча корпус курууга 1800,0 мин сом акча каражатын жумшалуусу аныкталып, бала бакчаны айылдык аймакта кен казуу иштерин жүргүзүп жаткан “Аскар Тоо Кен” компаниясы тарабынан ишке ашыруу максат кылынган эле. Бакчанын курулуш иштери бүгүнкү күндө аяктоо алдында турат. “Чебурашка” балдар бакчасынын имаратынын 1-корпусун капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн айыл аймактын жергиликтүү бюджетинен жана түрткү берүүчү гранттан жалпысынан 4582,1 мин сомго, ал эми, “Наристе” балдар бакчасынын имаратын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн 4401,3 миң сомго долбоор даярдалып, КР каржы министрлиги тарабынан долбоор жактырылып, каржыланууга коюлган эле. Аталган эки бакчанын оңдоп-түзөө иштери өз мезгилинде бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

М. Эшназаров

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *