Белгилүү ырчы, обончу, маркум Таалай Бектургановдун ысымы борбордук көчөгө ыйгарылды

6-декабрда Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылынын борбордук көчөлөрүнүн бирине белгилүү обончу, ырчы, маркум Таалай Бектургановдун ысмы салтанаттуу түрдө ыйгарылды.
Азем башында маркумга багышталып куран окулду. Андан соң, район район акиминин орун басары Муратбек Досматов маркум Таалай Бектургановдун өмүр баяны менен кыскача тааныштырып өттү. Андан соң, район акими Канжарбек Эшалиев сөз сүйлөп, Таалай Бектургановдун чыгармачылыгына арналып, райондо бир топ маданий иш чаралар өткөрүлгөндүгүн жана кезегинде кыргыз элине белгилүү «Таалай элеси» эстрадалык тобу да маркум Таалай Бектургановдун чыгармаларын өчүрбөө максатында уюшулгандыгын белгилеп, бүгүн маркум Таалай Бектургановдун жаркын элесин түбөлүккө калтыруу максатында район борборунун борбордук көчөлөрүнүн бирине ыйгарылып жаткандыгын айтып өттү.бектурганов кочосу 1 бектурганов кочосу 2 бектурганов кочосу 3 бектурганов кочосу 4 бектурганов кочосу 5 бектурганов кочосу 6 бектурганов кочосу 7
Ал эми, Жаңы-Базар айылынын аксакалдар кеңешинин төрагасы Абдылда Кыдыров эгер маркум Таалай Бектурганов тирүү болгондо кыргыздын Высоцкийи болмоктугун белгиледи.
Мындан сырткары, Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошев, маркумдун бир тууган эжеси Ажар Бектурганова, классташы Дуйшон Райымбековдор эскерүү сүйлөштү.
Андан кийин маркум Таалай Бектургановдун ысмы жазылган тактайчанын кызыл тасмасы салтанаттуу түрдө кесилди.
Салтанат соңунда катышуучуларга ысык чай берилип, маркум Таалай Бектурганов тууралуу тартылган тасма көрсөтүлдү.

М. Эшназаров

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *