Жарыя!

Каныш-Кыя айыл аймагы айыл чарба техникалары туруучу гараж сатып алууга сынак жарыялайт.

Сынакка коюлуучу талаптар:

-гараждын ээлеген аянты 800 чарчы метрден аз болбошу керек.

-участок 100 сотыхтан аз болбошу керек.

-гаражды баалоо боюнча атайы адистин баалоо корутундусу болушу керек

-1 даана комбайн, 5 даана трактор жана айыл чарба техникалары, шаймандары туруучу өз-өзүнчө навестери болуусу тийиш

-жер участогунун мамлекеттик актысы болушу керек

-гаражды кайтарууга атайы кароолчу туруучу жайдын болушу зарыл

-гараждын айланасы тосулуу болушу керек

 

Сынакка катышууга документтер 2017-жылдын 2-ноябрынан 13-ноябрына чейин Каныш-Кыя айыл аймагынын кеңсесинде кабыл алынат. Сынак 13-ноябрда саат 10.00 дө Каныш-Кыя айыл аймагынын кеңсесинде өтөт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *