Карылар сыйга бөлөндү

1-октябрь күнү  Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан  153 кары  жашоочуга  сый көрсөтүлдү. Тактап айтканда, иш чарада карылар үчүн атайы ак дасторкон жайылып,  дүйүм тамактар коюлуп, райондук маданият үйүнүн өнөрпоздору тарабынан чакан  концерт тартууланды.

IMG-20171003-WA0005 IMG-20171003-WA0006 IMG-20171003-WA0008

IMG-20171003-WA0001IMG-20171003-WA0003 IMG-20171003-WA0000Иш чара соңунда ар бир катышуучуга белектер берилди.

Эскерте кетсек, райондогу эң кары жашоочу Зуура Токторалиева эне Каныш-Кыя айыл аймагынын Айгыр- Жал айылында жашайт. Быйыл 102 жашка чыккан  энеге жыл сайын айыл аймагы тарабынан камкордук көрүлүп келет. Быйыл да  Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан Токторалиева Зуура энеге алдыдагы кышка карата  көмүр жана жыгач отун  жаатында камкордук көрүү максатталууда. Бул тууралуу айыл аймактын кызматкери Токтобү Дубанаева билдирди.

М. Эшназаров

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *