Алдыда арбын иштер бар

Медалдын эки бети болгондой кайсыл ишканага барсаң да жетишилген ийгиликтери менен бирге чечилбей жаткан көйгөйлүү маселелерине да күбө болосуң. Бул багытта Терек-Сай ооруканасынын учурдагы абалы, андагы аткарылып жаткан иштер, оорулууларга түзүлгөн шарт менен жакындан таанышып, оорукананын башкы дарыгери Фарида Ташбалтаеваны сөзгө тарттык. -Фарида Долубаевна, эски жыл эмнеси менен эсиңде калып, жаңы жылды кандай тосуп алдыңыздар? -Эски жылда бир кесиптешиңиз келип эбак эскилиги жетип, жылчыктарынан аркырап суук шамал кирип турган эшик-терезелерибизге сууктан сактануу максатында кагылган клеенкаларды көрүп “Оорукчан оорукана” деп гезитке макала жазган эле. Ошонусу менен өзгөчө эсте калды го. Анкен менен, келип минтип өзүңүз көрүп тургандай, жаңы пластикалык эшик, терезелерди куруп, жылуулук системасы да жаңыланды. Бул иштерди бүткөрүүдө “Хайленд Эксплорейшн” фирмасы демөөрчүлүк кылып 151350 сом каражат беришти. Ошентип жаңы жылды жаркылдаган зшик, терезелүү, жылуу имаратта жаркын маанай менен тосуп алдык. — Оорулууларга түзүлгөн шарт, жалпы эле ооруканаңардын техникалык абалы учур талабына шайкеш келеби? — Азыр бизде жалпысынан 8 эле койка бар. Андан көпкө шарт да, уруксат да жок. Жыл ичинде биздин ооруканада орточо 40-50 наристе төрөлүп, 400 дөй оорулуу дарыланып чыгышат. Аппаратураларды да мүмкүндуктүн болушунча учур талабына шайкеш жаңылап келебиз. Ушул жерде баса белгилеп айта кетчү жагдай оорукананын имараты талапка жооп бербейт. Анткени мурда бул жер оорукана үчүн эмес, жатакана деп курулган. Бирок кийин оорукана катары пайдаланып келет. — Элибиздин ден соолугу үчүн талыкпай иштеген эмгек алдыңкыларынын да ысымдарын атай кетсеңиз? — Эмгек жамаатыбыз чакан. Анткен менен, мында иштеген кызматкерлерибиздин баары өз ишин мыкты билгендер. Ошентсе да, акушерка А. Ботобекова, улуу медайым Ш. Авдувалиева, кенже медкызматкер С. Конокбаева, Ч. Наркулова, эсепчи Т. Маматкадыровдорду белгилей кетким келет. Булар өз ишин мыкты билип, озгөлөргө өрнөк болгондор. — Ырахмат, ишиңер ийгиликтүү боло берсин! Маектешкен: Т. Темиралиев «Чаткал оттору»]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *