Сурьма казгандар өз коопсуздуктары үчүн күйүшсө дейм…

Ооба  десеңизчи,  “ Көр  тириликтин айынан  Тиленбай  сартка  үч  тийдим” –деп  күйгөнүнөн бирөө айтса  керек. Анын  сынары   көр  тириликтин  көйгөйү  пендени  оттон  алып  сууга, суудан  алып  отко салып дегендей өз элегинде каалагандай өкчөйт тура.  Ыраматылык  союз  мезгилинде   баары  жумуш   менен  камсыз  болуп турган үчүнбү, телегейи  тегиз  көрүнчү. Союз  таркаганы ыдырап баары өз алдынча болгон өлкөлөр “баштагынын бири жок, каран калган дүйнө бок” болуп алапайын таппай калышпадыбы. Баардык  жерде  жумушсуздук    башкы  көйгөйгө  айланды.  Дал ушул  жумушсуздуктун  айынан    далай  мекендештерибиз    дүйнө  кезип  жүрүшөт.  Караламан  жумушчуну мындай кой,   жогорку  билимдүү   адистер  маянанын  аздыгынан   кызматтарын  таштап   чет  жакта  көчө  шыпырып, пол жууп, айтор үй-бүлөсүн бакканга киришти.   Анан  кантмек, жашоо  үчүн  күрөшү  керек.  Алар  ак  эмгек  менен  акча  таап  үй-бүлө  багууда.   Ошол  эле  мезгилде   чет  өлкөгө    кете албагандар  же  ал  жактан  кара  тизмеге  киргендер  аргасыз болуп калышты. Алла таалам ар  бир  пендеге ар кандай өлчөмдө ырыскы бөлүп, анысын ар кай жерге чачып койгон тура.   Кенебеген  кен  пейил    элибизди кейишке салбай,  кен  байлыкты  мол  бериптир.  Союз ыдыраган 90-жылдары    көпчүлүк  аймактын  алапайын  таппай  калган тургундары алтын  казып  күн  кечиришти.  Азыр  да  бул  багытта   алектенгендер  арбын.  Бирок  алтындын  кол  күчү  менен   казып  алуучу  запастары  улам азайып, сонку  мезгилде  кыйынчылык  жаратып  жаткандыгы  маалым.  Бул   Ала-Бука-Чаткал жергесине  да  мүнөздүү  көрүнүш  эмеспи.

Дал  ушундай  шартта  Терек-Сайдагы   таштанды  шахтыларга  кирип  сурьма  казуу “өнөктүгү”   башталды.  Эбак  урандыга айланган    бул  шахтыларда   иштөө үчүн эч кандай  шарттары  жок. Бирок  “буюкканга  жылдыз  ай  болуп көрүнгөдөй” тиричиликтен  кыйналгандарга  бул  да  тоскоол  боло  албады.   Түндөп-күндөп  сурьма  казып   сатышып,   жашоо үчүн  күрөш  уланды.   Урандылардын  арасын тытып , анча-мынча  калган  сурьма калдыктарын  таап талкалап,   ондогон чакырым  аралыкка  оор жүктү аркалап  келип     сатышат.

Оолда шору арыбаган  шордуу  эл!

Эч  кандай  коопсуздук  чаралары   көрүлбөгөн   шахтыларда   азап  менен  акча  таап, кайран суйкайган жандар сурьманын газына уугуп, ден соолугунан ажырап, жамандыктын бетин ары кылсын айрым учурда күтүлбөнөн кырсыктар болуп, кулаган таштын алдында калып каза болгондору да жок эмес. Бирок  жумушсуздук   кендирин  кескен   элди   бул  коркунучтар  токтото  албай, кайра эле сурьмага азгырып келүүдө.

Болуп  жаткан  кырсыктарды  алдын  алуу  максатында   жергиликтүү  бийлик      тарабынан    далай  жолу  түшүндүрүү  иштери  жүргүзүлүп, ондогон    протоколдор  түзүлсө да сурьма казгандардын аягы тыйылаар эмес.  Албетте,  жашоо   үчүн  күрөшкөн сурьмачыларды деле түшүнүү керек. Бирок, бир гана өкүнүчтүү жагдай алардын ден соолугу, келечеги, анан өмүрү. Дегеним, дарыгерлердин атымында эч кандай коопсуздук чаралары көрүлбөй туруп, таш талкалап сурьма казуудан өпкөнүн силикос дартына кабылуу коркунучу бар. Мындан сырткары кен чыккан жерде уран болорун эске алсак, анда ден соолук үчүн чоң коркунуч турганын унутпайлы. Ошондуктан сурьма казгандар абайлашса.

 Т.Темиралиев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *