Чаткал токой чарбасында өрткө каршы машыгуу болду

Май айынын 26 сында Чаткал токой чарбасы тарабынан Кайың— Суу токой бөлүмүндө өрт кырсыктарынын алдын алуу максатында машыгуу жана практикалык окуу өткөрүлдү.

Машыгуу учурунда чакан аянтка кургак бутактар үйүлүп, ага атайы  от коюлду. Андан соң, токойчулар керектүү өрт өчүрүүчү шаймандарынын жардамы менен атайы өрт коюлган аянтчага суу ташышып, өрттү өчүрүшүп, өрттүн жылып бараткан жолун соко чиркелген трактордун жардамы менен айдашып, өрттүн андан ары улануусунун алдын алууну үйрөнүштү.IMG_20170601_212452 IMG_20170601_212342 IMG_20170601_212403 IMG_20170601_212259

Машыгуунун жүрүшүндө,  өрт чыккан кезде кандай зарыл аракеттерди көрүү керектигин иш жүзүндө үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Машыгуу иш чарасына КР. ӨКМнин райондогу кызматкери, улук лейтенант Алтынбек Сулайманов, райондук өрткө каршы мамлекеттик кызматынын башчысы, капитан Ильясбек Кубатбеков катышты.

Эскерте кетсек, машыгуу иш чарасы КР. Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин Жалал— Абад аймактык башкармалыгынын 2017-жылдын 22-мартындагы № 01-11/19, раймамадмиистрациянын №8077, Чаткал токой чарбасынын №04-2/8 буйруктарынын негизинде өткөрүлдү.

Кошумчалай кетчү нерсе, токойлордо өрт кырсыгы болгон учурда биргелешип аракеттенүү боюнча КР.ӨКМнин райондогу өкүлчүлүгү, Чаткал токой чарбасы, Каныш— Кыя, Чаткал жана Терек— Сай айыл аймактары ортосунда макулдашылган. Бул тууралуу Чаткал токой чарбасынын директору Курманалы Анарбеков билдирди.

М. Эшназаров

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *