Окуучуларыбыз облуста 2-орунду багындырышты

Май айынын он биринде Жалал — абад шаарында Улуу Жеңиштин 72 жылдык маарекесине карата окуучулар  арасында спартакиада оюндары болуп өттү. Спартакиадага районубуздагы С. Байдөөлөтов орто мектебинен 4 ал эми, Т. Жаналиев орто мектебинен 2, жалпы 6 окуучудан турган чакан команда барып, катышып келди. IMG-20170521-WA0002 IMG-20170521-WA0001 IMG-20170521-WA0000 IMG-20170521-WA0006Бул тууралуу Чаткал райондук аскер комиссариатынын аскерге чейинки даярдоо боюнча инспектору Бекболот Казаков билдирди. Анын билдиришинче, ал өзү даярдап алып барып келген 6 баладан түзүлгөн Чаткал командасы облус аймагынан барган көпчүлүк командаларды артка таштап,  2-орунга жетишкен.

— Биздин окуучулар көп жагынан башка мектептерден барган окуучулардан артыкчылык көрсөтүштү. Жыйынтыгында, калыстар Чаткал командасына 2-орунду ыйгарышты— деди Бекболот Казаков

М. Эшназаров

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *