Бала бакчаларда кошумча тайпалар ачылды

Өткөн 2014-жылдын август айында Саясат өнүктүрүү институту менен GIZ бирикмеси Чаткал районунда бала бакчага тартылбаган балдарга кам көрүү максатында атайын сынак өткөргөн. Аталган сынакка райондон бир топ бейөкмөт уюмдар катышып, алардын ичинен “ТОС Курулуш” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Сайкал Абдылдаева Чаткал жана Каныш-Кыя айыл аймактарына бакчага тартылбаган балдарга кошумча тайпа ачуу боюнча долбоору менен катышып, утуп алган. Жакында, тагыраак айтканда, 23-26-январь күндөрү “Чаткал айыл аймагында 2-6 жашка чейинки балдардын кошумча билим, тарбия алуусуна жана алардын логикалык ой жүгүртүүсүнө шарт түзүү” жана “Каныш-Кыя айыл аймагында 2-6 жашка чейинки балдардын кошумча билим, тарбия алуусуна жана алардын логикалык ой жүгүртүүсүнө шарт түзүү” долбоорлорунун алкагында Жаңы-Базар айылындагы “Байчечекей” жана Курулуш айылындагы “С. Чондоева”, Каныш-Кыя айылындагы “Чебурашка”жана Айгыр-Жал айылындагы “Алтын-Бешик” балдар бакчаларына керектүү эмеректер, буюмдар жана колдонмолор тапшырылып, раймамадминистрациянын, айыл аймактын тийиштүү кызматкерлеринин жана ата-энелердин катышуусунда кошумча тайпалардын ачылыш аземи болду. Долбоордун жетекчиси С. Абдылдаеванын маалымдашынча, Каныш-Кыя жана Чаткал айыл аймактарына кошумча тайпа ачуу долбоорлору үчүн 2 млн. сом акча каражаты каралган. Долбоордун алкагындагы бул каражаттар жыл соңуна чейин берилип, долбоордун алкагындагы иштер толук аткарылмакчы.

кошумча тайпа 1 кошумча тайпа 2 кошумча тайпа 4 кошумча тайпа 5 кошумча тайпа 6

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *