"Маданият— ыйман менен адептен башталат "

Тегерек столго  район акими Канжарбек Эшалиев, райББнын башчысы Тажибай Тынышов, √46-кесиптик лицейдин директору Бактыбек Алибеков, Каныш— Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошевдер, РИИБ кызматкерлери жана айыл тургундары катышты.IMG_20170131_142808 IMG_20170131_160942 IMG_20170131_154511 IMG_20170131_162010 IMG_20170131_143918 IMG_20170131_150514 Тегерек столду алгач райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Жуманазар Нурбаев ачып, ал быйылкы ыйман, адеп жана маданият жылынын мааниси, максаты жана ушуга тиешелүү жагдайлар тууралуу айтып, катышуучуларды тегерек столго активдүү катышууга чакырды. Андан соң, райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан азыркы коомдо, тагыраагы улуу, орто жана кичүү муун арасында болуп  келе жаткан аракечтик, сый— урматсыздык, балдар арасындагы рекетчиликке байланышкан ыймансыз, маданиятсыздык көрүнүштөр тууралуу видеожүгүртмөлөр катышуучулардын назарына сунушталды. Катышуучулар өз кезегинде, видежүгүртмөлөрдө чагылдырылган окуялардын тегерегинде талкуу жүргүзүшүп, өз ойлорун ортого салышты. Иш чаранын жалпы катышуучулары тегерек столдун өтүшүнө жана анда козголгон маселелерге  оң баа беришти. Ал эми, район акими Канжарбек Эшалиев тегерек стол ушуну менен эле токтоп калбай, мындай иш чараларды райондун ар бир айылында өткөрүү маселесин көтөрүп, райондук маданият бөлүмүнө сунуштап, катышуучулар тарабынан колдоого алынды. Иш чаранын жүрүшү райондук маданият бөлүмүнүн өнөрпоздорунун ыр, күүлөрү менен коштолду. М. Эшназаров]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *