Кулактандыруу!

Урматтуу чаткалдык студент улан— кыздар!

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн төрагасы, биология илимдеринин доктору, Академик Токторалиев Биймырза Айтиевичтин демилгесинин негизинде “Жаркын келечекке багыт” коомдук жаштар бирикмеси тарабынан чаткалдык студенттерди колдоо максатында иштелип чыккан

“АКАДЕМИК Б.А. ТОКТОРАЛИЕВДИН СТИПЕНДИЯСЫНА”  сынак жарыяланат!

Сынактын ЖОБОСУ:

Багыты жана максаты:

Стипендия илимий багытка жана жаратманчылыкка арналат. Чаткал районунун ар кайсы шаардагы ЖОЖдордо окуп жаткан жаштарынын арасынан илим тармагына кызыккан, илим, технология, маданият сыяктуу тармактарда жанылык киргизүүгө жетишкен жаштарды колдоо жана эмгектерин баалоо максатын көздөйт. Жогоруда белгиленген тармактарга жаңыдан аралашып баштаган жаштарыбызга көңүл буруп, мындан аркы ийгиликтерине стимул берүү азыркы учур талабы болуп саналат.

Негизги талаптары:

Стипендия тууралуу:

1. Академиктин стипендиясы  жалпы 15000 сомду түзүп, 2 кишиге бөлүнүп берилет.

2. Жеңүүчүлөр тапшырылган документтердин негизинде аныкталат.

 

Кайсы тармактын өкүлдөрү катыша алышат:

1. Илимий жааттын кайсыл гана тармагы болбосун изилдөө иштерин жүргүзгөн жана көрүнүктүү жыйынтыкка жетишкен;

2. Эл аралык конкурстардын катышуучусу. Өзүнүн жеке таланты б.а. жөндөмүнүн негизинде ийгилик жаратууга жетишкен;

3. Технология тармагында. Заманбап деп эсептелинген бул тармакта жанылык ( сенсация) жаратууга жетишкен. ( компьютердик программалар, ар кандай электрондук буюмдар);

4. Маданият тармагында. Эл арасына таралган чыгармалардын, кызыктуу китептердин авторлору, жазуучулар, акындар, ырчылар, актёрлор ж.б.

Катышуучуга болгон талаптар:

1. Конкурска азыркы учурда Республикабыздын ар кайсы аймактарында билим алып жаткан ЖОЖдордун студенттери катыша алышат.

2. Конкурсанттын жашы 25 жаштан ашбоосу шарт.

3. Резюме (классикалык)

4. Өмур баян

5. Мунөздөмө

6. Өзүнүн жетишкендиктери түүралуу баяндама жана аларды тастыктоочу документтер.

7. Катышуучу тарабынан жасалган эмгек тууралуу башка кишилердин көз караш, сын пикирлери жана ал иштин маанилүүлүгү

8. Кошумча маалыматтар

Жыйынтыктоо жана сыйлоо:

Конкурсантардын документтери Академик Токторалиев Биймырза Айтиевичтин катышуусунда каралып чыгып, жеңүүчүлөр аныкталат.  Жеңүүчүлөр сыйлыктарын Бишкек шаарында өтүүчү “Чаткал кечесинде” демөөрчүнүн өз колунан алышат.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *