Алдын алуу иштери жүргүзүлдү

2015-Жаңы жылдын 22-23-24-январында Чаткал райондук санэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлери-санитардык врачтын жардамчысы Уларбек Мамытов, санитардык бөлүмүнүн башчысы К. Мусабаева, эпидемия бөлүмүнүн башчысы Н.Орозбаева, эпидемиологдун жардамчысы Г.Акылбекова жана айыл санврачы А.Тойчубеков Сумсар айыл аймагында болушуп, андагы мектептердин, балабакчалардын, ооруканалардын санитардык-гигиеналык абалдары менен бир сыйра таанышып чыгышты. Андан соң, райондук санэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлер тобу Сумсар айыл аймагындагы Сумсар, Гагарин орто мектептеринде жана В.И.Ленин атындагы мектеп-интернатында, ошондой эле Сумсар, Шакафтар айылдарындагы бала бакчаларда болушуп, окуучулар жана болочоктор арасында санитардык-гигиеналык абалы, талаптар, гигиенаны сактоо, грипп жана кызамык ооруларынын алдын алуу, дезинфекциялык иштерди күчөтүү боюнча алдын алуу иштери жүргүзүү сыяктуу иш чаралар өткөрүлдү. Ошондой эле, мектептерде окуучулар арасында, класстарда “Кызамык деген кандай оору?” аттуу темада жазма иштер өткөрүлдү. Чаткал райондук санэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлер тобунун санитардык гигиена, грипп, кызамык боюнча алдын алуу иштери максаттуу, таасирлүү жана пайдалуу кырдаалда өткөрүлдү.

санврачтар 2 санврачтар 3 санврачтар 4

Б.Исаков «Чаткал оттору»

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *