Оңой эмес кесиптин ээси Ойгонбай Андашев

Кыргызстанда гляциолог кесибинин ээлери аз санда болгондуктан, мурдатан эле жогору бааланып келген. Гляциологдор негизинен, мөңгүлөрдүн жана кар көчкүлөрүнүн табигый процессин изилдешет.

Чаткалдык Ойгонбай Андашев акыркы мезгилде республикада сейректешип бараткан жогоруда биз айткан кесипти алып жүрүүчүлөрдүн бири.

Ойгонбай Андашев 1974-жылы Шакафтардагы мектеп-интернатты аяктаган соң, Орусиянын Ленинград шаарына жакын жайгашкан Стрельны шаарчасындагы Арктикалык жогорку окуу жайынын гляциология бөлүмүнө тапшырат. Окуу жайын ийгиликтүү аяктап, гляциолог кесибине ээ болуп, алдына-Орусияга кайра барып иштейм-деген зор максат коюп, туулган жерине кайтат. Келген соң, атасы Акмат күнүмдүк тириликти шылтоо кылып, уулун алыс жерге кайра жибергиси келбей туруп алат. Айла жок, биздин каарман туулган жерге кызмат кылганы кала берет. Антсе да, билимди көксөгөн жаш жигит жөн калбай, Фрунзе шаарына кайра барып окуп, кошумча радист-геолог кесибин ээ болуп,  Чаткал метеостанциясына иштеп калат. Ошентип, тагдырдын буйругу менен  эки кесипти бирдей аркалап, алар аркылуу эл-жерге жана мамлекетке жарым кылымга жакын мезгилден бери ак кызмат өтөп, ардактуу эс алууда болсо да, жаштардан кем калышпай эмгектенип келүүдө. Тактап айтканда, Ойгонбай Андашев бул тармакта отуз сегиз жылдан бери талыкпай эмгектенип, республиканын гляциология жана метеорология тармагына зор эмгек сиңирди. Ал өзүнүн көп жылдык тажрыйбасынын аркасында кар көчкүлөрүн зор чеберчилик жана коопсуздукту сактоо менен аткылап, тушүрүү ыкмасын ойлоп таап, “заградительный обстрел” деген жаңы терминди киргизгенин айта кетүү ашыкча болбос.  Бүгүнкү күндө бул ыкма КР. ӨКМ тарабынан кеңири пайдаланылып келатат.IMG_20160812_191413IMG_20160723_122023IMG_20160812_200602IMG_20160812_200843IMG_20160812_200828IMG_20160812_191238IMG_20160812_195957IMG_20160812_200635

Бүгүнкү күндө КР. ӨКМнин Чаткал району боюнча гляциолог адиси жана буга кошо эле, №719713 Чаткал метеостанциясынын башчысы болуп иштейт. Өзүнүн күнүмдүк ишинде Чаткал өрөөнүндөгү кар көчкүлөрдүн жашоо процессин изилдеп, алардын мезгилдик өзгөрүшүн картага түшүрүп, КР. ӨКМнин тийиштүү бөлүмүнө билдирип турат. Анын такталган маалыматына ылайык, кар көчкүлөрү тууралуу маалымдамалар иштелип чыгып, алардын өрөөндүн жашоо-шартына карата таасирин аныктоого кеңири пайдаланылат.  Чаткал өрөөнүн кесип өткөн Ала-Бука-Чаткал-Кировка унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар аймактар көп болгондуктан, кышкысын ал аймактардагы кар көчкүлөрүн аткылап, түшүрүү иштери Ойгонбай Андашевсиз ишке ашпайт. Тактап айтканда, биздин каарман кар көчкүнү качан жана кайсы убакта  аткылаганда адамга жана техникага коркунуч келтирбей турган жерге түшүрөөрүн аныктаган соң гана КР. ӨКМ кызматкерлери өз жумушун башташат. Ансыз жумуш болбойт.

Ойгонбай Андашев Чаткалдын башындагы Башкы-Терек айылында жашап, иштеп, пайгамбар жашынан эбак ашып, каадалуу карылык доорун сүрөөр мезгили келип калса да да, бир гана Чаткал эмес, республиканын дээрлик бардык кар көчкү коркунучу бар аймактарына КР. ӨКМнин атайын чакыруусу менен барып, башка кесиптештери менен биргеликте кар көчкү коркунучунун алдын алууга салымын кошуп келүүдө. Айта кетсек, республиканын ар кайсы тарабындагы кесиптештери менен биргеликте Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад альтернативдүү унаа жолунун жана Датка-Кемин электр линиясынын курулушунун долбоорлоо иштерине катышып, аталган жумуштардын кар көчкү жүрбөгөн аймактар менен өтүүсүн камсыздоого салым кошкон. Мындан сырткары, коңшулаш Өзбекстанда гляциологдор жок болгондугуна байланыштуу 2009-жылы  Кыргызстандан беш гляциолог адис менен  барышып, андагы жалпы наркы 2 млрд. долларга жакын Ангрен темир жолун куруу ишин долбоорлоо ишине катышты.  Кыргызстандык гляциологдордун тобунун көрсөтмөсү менен аталган темир жолдун кар көчкү коркунучу бар аймагынан узундугу он тогуз чакырымдан ашуун жерден тоону тешип, тоннель курулуп, аталган темир жол быйыл май айында ишке берилди.

Бүгүнкү күндө, Чаткалда жер алдындагы кендерди өндүрүү менен алектенген компаниялар да Ойгонбай Андашевге кайрылышып, жаңыдан курулуп жаткан унаа жолдорунун кар көчкү коркунучу жок аймактар менен өткөрүү маселеси боюнча кызматташып келет.

Бүгүнкү күндө республикада саналуу гана гляциолог адистер калганына кейиген биздин каарман чаткалдык эки улан Орусиядан аталган кесипке окуп жаткандыгын айтып, Башкы-Терек айылына жаңыдан курулуп жаткан 4-муундагы заманбап метеостанцияга кадр даярдалып жаткандыгына бир чети кубанып калат.

-Уул-кызыңа жогорку билим бер, келечек жолун өздөрү тандап алышат-деген принципти карманган Ойгонбай Андашев Фрунзеде окуп жүрүп таанышкан Баткендин кызы, өмүрлүк жубайы Орозгүл экөөсү төрт уул, бир кызын жогорку билимдүү кылды. Үч уулу ата жолун жолдоп, өзгөчө кырдаалдар жаатында жогорку билим алышып, элге кызмат кылышууда. Тактап айтканда, улуу уулу Алмазбек Андашев Кыргыз-Славян университетинен өзгөчө кырдаалдар боюнча адистикке ээ болуп, он беш жылдан бери Ош-Бишкек унаа жолунун Чычкан кар көчкү станциясынын башчысы, кийинкиси-Асылбек ички иштер тармагында, үчүнчүсү Аман “Кичи Чаарат” фирмасында өзгөчө кырдаалдар боюнча адис ал эми, кичүү уулу Тилек Бишкек шаарынан Политехникалык институтунан өзгөчө кырдаалдар боюнча адистикке ээ болду. Эң кенжеси, кызы Зейнеп Ош шаарындагы У. Салиева атындагы таланттуу балдар лицейинин сегизинчи классында билим алууда.

Ойгонбай Андашев КР. ӨКМнин жана Кыргыз гидрометеорология кызматынын бир нече “Ардак Грамоталарына” татыктуу болгон жана “Гидрометеорологиянын мыктысы” төш белгисинин ээси. Ал мындан сырткары, 2009-жылы Чаткал өрөөнүнөн жоголгон жыйырма сегиз баш жылкыны уурдаган куралдуу кылмышкерлерди колго түшүрүүдө райондук ички иштер кызматкерлерине жакындан жардам көрсөткөндүгү үчүн Чаткал РИИБ  тарабынан беш миң сом акчалай сыйлык жана ыраазылыкка ээ болгон. Анын мындан сырткары, мындан эки жыл мурда Башкы-Теректеги Күлбөс-Хандын ордосу деп аталган тарыхый аймакты мыйзамсыз казып, эски баалуу буюмдарды чогултуп жүргөн эки адамды кармап, алар тууралуу РИИБге кабар берип, тарыхый жайдын сакталуусуна салым кошкондугун айта кетсек ашыкча болбос….

Жогорудагыларды жалпылап айтканда, биздин каарман тоо койнунда өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн өткөрүп, эмгектенсе да, карыдым-деп жатып албай, республикалык деңгээлдеги иш чараларга активдүү катышып, өз кесиби жана атуулдук, жарандык позициясы менен эл арасында аброй алып келаткан кези.

Кеп соңунда, Ойгонбай Андашевдей өз кесибин сүйгөн, атуулдук жана жарандык бийик сезимге ээ инсандар калк арасында көп болушуна тилектештигибизди билдиребиз.

М. Эшназаров

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *