Ар тараптуу чарбачыл инсан Сазанкан Эгембердиев

Чаткал өрөөнүндө тоо койнунун бир бурчун ажайып бир гүлбакка айлантып,  дыйканчылык менен алектенип келаткан бир чарбачыл инсан бар. Бул инсан техника бара албаган, жалаң кол эмгеги менен өздөштүрүүгө болоорлук буйга жайды төрт-беш жылдан бери өздөштүрүп, ал жерден мол түшүм алып келатат. Каныш-Кыя айылынын маңдайындагы Каныш-Кыя сайына барган адам сөзсүз ал жерге көзү түшөт.

Биз сөз кылчу инсан-Эгембердиев Сазанкан 1975-жылы Жалал-Абаддагы зооветтехникумду аяктаган мезгилден баштап бир топ жооптуу кызматтарды аткарып,  Каныш-Кыя, Чаткал совхоздорунда  башкы зоотехник, райондо башкы зоотехник болуп иштеп келген. Союз бузулган жылдары райондук дүң жашылча жемиш конторасында (ОПК) башчы болуп эмгектенип, андан соң КР. ӨКМнин райондогу бөлүмүн он үч жыл жетектеп, анда жалпы он алты жыл эмгектенип, ошол жерден ардактуу эс алууга чыккан.IMG_20160813_114033 IMG_20160813_112812 IMG_20160813_114006 IMG_20160813_112954 IMG_20160813_123836

IMG_20160813_123744 IMG_20160813_113629 IMG_20160813_125649 IMG_20160813_113209 IMG_20160813_124052

-Ардактуу эс алууга чыккандан кийин айрым өзүм теңдүүлөргө окшоп жаштардан кызмат талашып же, акылы жетсе жетпесе да коомдук иштерге аралашып, калкка жаман көрүнгүм келген жок.  Өз сыйым менен болуп, андан көрө дыйканчылык менен алектенгенди туура таап, ушул жерди өздөштүрө баштадым-дейт аксакал жашылча, жемиштер жайкалган чакан чарбасын көргөзүп.

Чынында, картошка, сабиз, помидор, капуста, кулпунай айтоор, аз-аздан болсо да, жашылчалардын көп түрү эгилген чакан бакчасына күндө эрте менен күрпүлдөп аккан Чаткал дарыясына салынган көпүрө аркылуу кээде өзү, кээде неберелерин ээрчитип өтүп келип, кооз жаратылыш койнунда бир чети күнүмдүк тиричиликтен алаксып, шыйрак какшаткан муздак тоо суусуна жуунуп сергип эс алса, бир чети жашылчаларын отоп, суугарып, жаңыдан тигилген өрүк көчөттөрүнө көз салып, кечке дейре убактысын ойдогудай өткөрөт.

-Бул жерди өздөштүрүү абдан чоң эмгекти талап кылды. Мындагы таштарды терип, сыртка чыгаруу айрыкча оор болду, антсе да, эмгегибиздин акыбети кайтып минтип, мол түшүм ала баштадык. Эми, бул жерди келечекте өрүкзарга айлантсам деген максатым бар, азырынча он беш чакты түп өрүктүн көчөтүн эктим. Мындан сырткары, эмгеги азыраак, баасы жогору деп сарымсак эгүүнү кеңейтүүнү ойлоп жүрөм. Сабизден жылда төрт тоннадай түшүм алам. Бул да абдан кирешелүү. Жердештерибиздин көбүнө сабиз эгип, киреше табууну сунуш кылып келем бирок, көбү маани беришпейт.-дейт багбан өз ою менен бөлүшүп.

Сазанкан Эгембердиев буга кошо эле, бээ байлап, кышка карата  жети жүз литрден ашуун кымыз камдаарын айтат. -Уулум Санжар келиним Жазгүл менен бирге жай бою бээ байлашып, кымыз кылышат. Кымызды сатып, андан сырткары  кышка да камдап алабыз-дейт чарбачыл каарманыбыз кымыз толтура тизилген  айнек идиштерин көргозо. Мен өзүм жыйырмадан ашуун жыйырма литрлик айнек идиштерге куюлган  кымыздарын көрүп, буга ынандым.

Ылайым биздин каармандай иштин көзүн билген, жаштарга үлгү болгон нарктуу аксакалдарыбыз көбөйө берсин демекчимин.

М. Эшназаров

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *