Бала бакчаларда кошумча тайпалар ачылууда

Өткөн 2014-жылдын август айында Саясат өнүктүрүү институту менен GIZ бирикмеси Чаткал районунда бала бакчага тартылбаган балдарга кам көрүү максатында атайын сынак өткөргөн. Аталган сынакка райондон бир топ бейөкмөт уюмдар катышып, алардын ичинен “ТОС Курулуш” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Сайкал Абдылдаева Чаткал жана Каныш-кыя айыл аймактарына бакчага тартылбаган балдарга кошусмча тайпа ачуу боюнча долбоору менен катышып, утуп алган. Жакында, тагыраак айтканда, 23-январь күнү “Чаткал айыл аймагында 2-6 жашка чейинки балдардын кошумча билим, тарбия алуусуна жана алардын логикалык ой жүгүртүүсүнө шарт түзүү” долбоорунун алкагында Жаңы-Базар айылындагы “Байчечекей” жана Курулуш айылындагы С. Чондоева атындагы балдар бакчаларына жалпысы 500 миң сомдук керектүү эмеректер, буюмдар жана колдонмолор тапшырылып, айыл аймактын тийиштүү кызматкерлеринин жана ата-энелердин катышуусунда кошумча тайпалардын ачылыш аземи болду.

Долбоордун жетекчиси С. Абдылдаеванын маалымдашынча, Каныш-кыя жана Чаткал айыл аймактарына кошумча тайпа ачуу долбоорлору үчүн 2 млн. сом акча каражаты каралган. Калган каражаттар жыл соңуна чейин берилип, долбоордун алкагындагы иштер толук аткарылмакчы.

Айта кетчү нерсе, 26-январь күнү кошумча тайпанын ачылыш аземи каныш-кыя айылындагы “Чебурашка” балдар бакчасында болмокчу.

жаныбазар 1 жаныбазар 2 жаныбазар 3 жаныбазар 4 жаныбазар 5 курулуш 1 курулуш 2 курулуш 4 курулуш 5

М. Эшназаров

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *