Түшүмдү өрттөн сактайлы

Үстүбүздөгү жылдын май, июнь айлары жаанчыл болгону менен учурда жайдын ысык аптабы жердин бетин акырындап тегерек четтеги чөп-чарларды куурата баштады. Ушул кезде кичине эле учкун болсо дүрт этип алоолонгон жалынга айланчу өрт коркунучу күчөп турган убак.

Учурдагы эң маанилүү өнөктүктөрдөн болгон тоют топтоо, кылкандуу дан эгиндерин оруп-чабуу иштерди баштоо алдында турабыз.

Ошондуктан, мына ушундай өрт чыгуу коркунучу күчөп турган мезгилде жыйналган тоюттарды, эгин аянттарын өрт кырсыктарына алдырбоо үчүн тийиштүү кам көрүүнү унутпасак. Эң жөнөкөй болгон өрт коопсуздугунун эрежелерин аткарбагандыктан жыл сайын көп сандаган эгин аянттары жана  тоюттар бөөдө күлгө айланууда.

Ошондуктан жергиликтүү айыл аймак  башчылары өрткө каршы тийиштүү чараларды көрүү менен, фермер, дыйкандар менен биргеликте өрт коопсуздугунун эң жөнөкөй болгон эрежелерин эстеринен чыгарбай, алардын так аткарылышына аракет кылуулары зарыл.

Ар бир үймөктүн аянты 150 чарчы метрден ашпай, бири-биринен аралыгы эң кеминде 20 метрден кем болбоосу тийиш. Үймөктөрдү жуп-жубу менен үйүүгө болот. Бирок, мында бир жуптагы үймөктөрдүн аралыгы 6, ал эми кийинки жуп 30 метрден кем болбоосу керек.

Тоют топтолгон жайлар электр зымдарынан 15 м, жолдордон 20 метр, имараттардан 50 метрден кем эмес аралыкта жайгаштырылуусу талапка ылайык.

Тоют жана түшүм жыйноого катышкан бардык тракторлор, автоунаалар жана комбайндар учкун өчүргүчтөр, алгачкы өрт өчүрүүчү шаймандар менен талапка ылайык жабдылуусу зарыл. Ал эми бул өнөктүктө иштеген адамдар өрт коопсуздугу боюнча атайын нускоодон өтүп, эрежелерди так сактоосу көзөмөлгө алынып турулуусу керек.

Бышып жетилип калган эгин аянттарынын жол менен кесилишкен жерин 8 метр кеңдикте чаптырып, артынан 4 метр кеңдикте айдатууну унутпоо керек, анткени бул өрттүн жайылып кетишине чоң бөгөт болот.

Чабыла баштаган эгин аянттарынын жанында соколуу трактор турганы шартка ылайыктуу. Ошондой эле, эгин аянттары өтө эле чоң болсо алар комбайндын бир күндүк нормасы боюнча участокторго бөлүнүп, ортолорун 8 метр кеңдикте чаптырып, артынан соко менен айдатуу зарыл.

Дагы бир өтө маанилүү нерсе – бышып жетилип калган эгин аянттарын, тоют сакталган жайларды кайтарууну унутпоо керек.

Ар бир тоют сакталган жай милдеттүү түрдө өрткө каршы шаймандар жана суунун запастары менен камсыз болунуп, өрткө каршы катуу тартиптин сакталышы такай көзөмөлгө алынып турулуусу зарыл.

Акырында айтаарыбыз, элибиздин эң негизги байлыгы болгон наныбызды «тилсиз жоодон» сактоо – бул жалпыбыздын  ишибиз. Ошондуктан, бул маанилүү кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо өнөктүгүнө мейли жетекчи, дыйкан болсун, жетишээрлик маани берип, өрттөн сактаналы.

А. Жумабаев, Чаткал райондук ӨКМКБнүн инспектору, лейтенант

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *