Эс алуучу жайларыбыздын коопсуздугун сактайлы

      Районубуздун суктандырган кооз эс алуучу жайларыбызды өрт кырсыктарынан алдын алуу багытында өрт коопсуздук эрежелерин сакташыңыздарды эсиңиздерге салабыз.   Бүгүнкү күндө окуучулардын лагерлерин жайкы эс алуучу мезгилине карата кызуу даярдап жаткан учур. Андыктан ремонт учурунан пайдаланып жатаканалардын туура эмес курулган эшиктерин сыртка ачыла турган кылып куруу керек. Лагердин имараттарына тартылган электр зымдарын чыңалуудан өткөрүп, жараксыз жерлерин жаңылоо зарыл. Лагердин айланасын кургак чөптөрдөн тазалап, өрт кокустугуна каршы суу сактагычтарды ремонттон өткөрүп, аларга сууларды толтуруп, өчүрүү шаймандары туруучу калканчаларды толуктоо керек. Лагердин айланасына өрт кокустугун эскертүүчү белгилер «От менен ойнобо», «Тамеки тартпа» деген сыяктуу эскертүүчү белгилердин илинүүсү тийиш. Телефондук байланыш ар убак оң абалда болуп, көрүнүктүү жерге «өрт кокустугу болгон кезде 101-ге кабар кылыңыз» деген жазуу илинүүгө тийиш. Лагердин кире бериш дарбазасына өрт кокустугуна каршы курулган суу сактагычка баруучу багытты көрсөткөн белгилери илинип турушу зарыл. Ал эми токойлуу тоолордо жана башка эс алуучу жайларда эс ала тургандарга: эс алуучу жайларга жеңил автоунаа менен же жөө бара жатып, өчүрүлбөгөн тамекини туш келди таштабай, жагылган отторду унутпастан өз убагында өчүрүп, өрт коопсуздугун эскертүүчү белгилерге көз сала жүрүүңүздөрдү эскертебиз.   А. Жумабаев, Чаткал райондук ӨКМКБнүн инспектору. лейтенант  ]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *