101 билдирет !

   2016-жылдын  июнь   айына чейин Чаткал  районунун  аймагында 8 өрт кырсыгы катталып,  натыйжасында өрттөн келтирилген материалдык чыгым 140678 сомду түздү.Ошондуктан  Чаткал райондук Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмү төмөнкү эрежелерди эсиңизге салат: Кантип  өрттүн  алдын алууга болот: Бул үчүн өрт коопсуздугунун өтө жөнөкөй жана аткарууга мүмкүн болгон эрежелерин сактай билиңиз. Эсиңизде болсун: (Балдарды   кароосуз    калтырбаңыз; (балдардан   ширеңкелерди  катып   салыңыз; (Күйүп    турган   ширеңке, тамекилерди  таштап салбаңыз; (Тиричиликке керектүү электр шаймандарын, радио-теле аппараттарын, газ плиталарын иштеген бойдон   кароосуз    калтырбаңыз; (Электр   жылыткыч  шаймандарын    күйүп   кетүүчү   буюмдарга   жакын   орнотпоңуз; (Имараттарга (курулуштарга) жакын от жакпагыла жана өрт кооптуулугу күчөгөн маалда калдыктарды   өрттөбөңүз; (Ачык   күйгөн   от  менен   жылытпаңыз; (Чатырларда,   жер   төлөлөрдө   жана тепкич   аянтчаларында   күйүүчү   материалдарды сактабаңыз; (Газ шаймандарын (плиталарын, суу жылуутучу колонкаларды) түнкүгө же үйдөн кеткен учурда күйгөн боюнча калтырбаңыз; (өрт кооптуулугу бар суюктуктар жана заттар менен иштөө учурунда этият болуңуз. өрт учурундагы аракеттер: (өрт жөнүндө 101 телефону боюнча кабарлоо; (Колдо болгон каражаттар менен өрттү өчүрүүгө киришүү; (Материалдык баалуулуктарды жана жаныбарларды эвакуациялоо. (Жалындап күйүп жаткан нерсени жууркан-төшөк, бышык кездеме же кийим менен жаап салуу; (Жерге төгүлүп күйүп жаткан суюктуктарды кум же топурак менен өчүрүңүз; Бул нускоодо баяндалган өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо. Сиздин турак жайыңызды, мүлкүңүздү өрттөнүп жок болуп кетүүдөн сактайт жана өрт учурунда адамдардын курман болуусун четтетет. Сактансаң сактайт дейт элибизде. Ошондуктан  ар дайым өрт кырсыгынан сак жана оолак болуңуздар. А. Жумабаев, Чаткал райондук ӨКМКБнүн инспектору, лейтенант                              ]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *