"Чаткал таланттары-1" ырлар жыйнагынын ачылышы болду

9c5e2e24c5483a373199441f6c4c5567IMG_20160508_160726 6-майда район борбору Каныш-Кыя айылындагы «Ч. Айтматов» атындагы маданият үйүндө жыл башында чаткалдык белгилүү жуналист Мухамедалы Эшназаров тарабынан түзүлгөн элеттик акын, жазуучулардын «Чаткал таланттары-1» аттуу чыгармалар жыйнагынын бет ачаар аземи болду. Бет ачаар аземине район акими Канжарбек Эшалиев баштаган райондук жетекчилердин тобу, аталган жыйнакка кирген чыгармалардын аворлору, айыл тургундары, маданият кызматкерлери катышты. Иш чаранын башталышында алгач, район акими Канжарбек Эшалиев сөз сүйлөп, элеттик акын, жазуучуларды «Чаткал таланттары-1» чыгармалар жыйнагы жарык көрүшү менен кызуу куттуктады. Ал өз сөзүндө, жыйнактын түзүүчүсү, белгилүү журналист, акын Мухамедалы Эшназаровдун чыгармачылык жетишкендиктерине учкай токтолуу менен, жаңырган жылда э журналисттер үчүн жарыяланган республикалык эки сынактан биринчи жана экинчи орундарды багындыргандыгын жана ЮНИСЕФ уюмуна долбоор жазып, балдар үчүн көчмө оюн аянтчасын утуп, ал бүгүнкү күндө район калкына зор кызмат көрсөтүп жаткандыгын белгилеп, раймамадминистрациянын атынан «Ыраазылык кат» тапшырды жана чыгармачылык ийгиликтерди каалады. Андан соң, маданият үйүнүн кызматкерлери жана мектеп окуучулары тарабынан ыр жыйнакка кирген акындардын ырларынан көркөм окулуп, көрүүчүлөргө эстетикалык зор ырахат тартууланды. Буга кошо эле, чыгармалары ыр жыйнакка кирген акындар-Сайкалбү Абдылдаева, Айбек Сапаркулов, Мээркан Атабаева, Азимкул Абдылдаев, Мырзабек Салибаев, Мухамедалы Эшназаровдор өз чыгармаларынан көркөм окуп беришти. Аземдин жүрүшү маданият үйүнүн өнөрпоздорунун ыр, күүлөрү менен коштолуп, белгилүү обончу Үсөн Оморов баштаган ырчылар обон созушуп, аземди ыр, күүгө бөлөштү. Мындан сырткары, акындарды куттуктоо үчүн келген конокторго да сөз берилип, алар акындарга белек-бечкектерин тапшырышып, чыгармачылык ийгиликтерди каалашты. Аземдин соңунда, келген коноктор ак дасторкондун четинен даам сызышты. Б. Дилдебаев  ]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *