Профсоюз төрагалары үчүн семинар өттү

Өтүп бараткан жума соңунда Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнүн профсоюз уюмдарынын төрагалары үчүн семинар өткөрүлдү.

Семинардын жүрүшүндө райББнын профсоюз уюмунун төрагасы Ызан Кудайбердиев профсоюз уюмдарынын төрагаларына Жылдык иш планды кантип түзүүнүн жол-жоболорун түшүндүрүп, профсоюз уюмдарынын иш кагаздарын туура толтуруунун жолдорун окутту.

IMG_20160428_104349 IMG_20160428_104419 IMG_20160428_104432 IMG_20160428_104450 IMG_20160428_104525 IMG_20160428_104650

Буга кошо эле, мектептердеги түрткү берүүчү фонддордун каражатын туура, акыйкат бөлүштүрүү, эмгек өргүүсүнө чыгуу тартибин жолго салууда да профсоюз уюмдарынын төрагаларынын ролу зор экендигин билдирди жана профсоюз уюмдарынын төрагалары негизи, мугалимдердин арасынан тандалып алынган лидерлер болоорун, мугалимдердин таламын талашууда, аларга мыйзамдуу жолдорду көрсөтүүдө дайым сабаттуу жана талапчыл болуу керектигин баса белгилеп, профсоюз уюмдарынын төрагалары  сөзсүз эле жетекчиликке талап коюу менен чектелбестен, эмгек жааматын ынтымакка алып келе алган кызматкер болушу керектигин айтты.

Семинардан соң, профсоюз уюмдарынын төрагалары катышкан пленум болду. Бул иш чараларга район боюнча он беш мектептин профсоюз умдарынын төрагалары катышты.

М. Эшназаров

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *