МЕРСИКО: Долбоор аягына чыгууда бирок, окуучулар ысык тамаксыз калбайт

Республикабызда МЕРСИКО коммерциялык эмес уюму тарабынан 2012-жылдан бери “Билим үчүн азык-түлүк” программасы иштеп, анын алкагында республика боюнча 1-4-класстардын окуучуларына шашке тамагын берүүнүн сапатын, деңгээлин жана шартын жакшыртуу боюнча бир топ иштер аткарылып келди. Буга, мектептердин ашканаларына керектүү жабдууларды орнотуп берүү, шашке тамагы үчүн керектүү азык-түлүктөрдү берүү жана мектеп ашпоздорун окутуу сыяктуу жумуштар кирет. Быйыл май айында аталган программа соңуна чыгат. Ага ылайык,  жогорудагы жумуштар токтоп калбай, ата-энелердин колдоосу менен шашке тамагы ысык тамак менен мындан ары да үзгүлтүксүз камсыз  болуп туруусу үчүн МЕРСИКО коммерциялык эмес уюмунун кызматкерлери ата-энелер үчүн тренингдерди өткөрүштү.

IMG_7175 IMG_7176 IMG_7172 IMG_7173 IMG_7179 IMG_7180

Мындай тренинг районубузда да болуп, Чаткал району боюнча алты мектепте тренингдер өткөрүлдү.

Тренингдер учурунда окутуучулар тарабынан ата-энелерге балдар үчүн кандай азык-түлүктөр эң пайдалуу экендиги, балдардын ден-соолугу чың болушу үчүн кандай азыктарды тамак-ашка пайдалануу керектиги сыяктуу зарыл окутуулар жүргүзүлдү.

Эми, МЕРСИКОнун “Билим үчүн азык-түлүк” программасы соңуна чыкса да, ата-энелердин каржылык колдоосу менен 1-4-класстардын окуучулары ысык жана ден соолукка пайдалуу азыктар кошулган тамактар менен камсыз боло бермекчи.

М. Эшназаров 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *