“Социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгынын” алкагында

100_3679 (2) 20-февралдан 20-мартка чейинки бир айлык мезгил аралыгында районубузда “Социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгы” иш чарасы болуп өттү. Аталган иш чаранын алкагында Каныш-Кыя айыл аймагында жашаган социалдык жактан аз камсыз болгон  жалпы 27 тургунга айыл аймагы тарабынан 2 тонна көмүр жана мындан сырткары, 123 миң сомдук жардам, жалпылап айтканда 132200 сомдук жардамдар берилди. Чаткал айыл аймагы тарабынан 5 тургунга жалпы 20 миң сомдук жардамдар берилди жана  айыл аймагында “Ачык эшик күнү” өткөрүлүп, анын алкагында бир топ жарандарга акысыз юридикалык жардамдар көрсөтүлдү. Терек-Сай айыл аймагында 32 тургунга 9350 сомдук баалуу белектер жана 97750 сом акчалай түрүндө, жалпылап айтканда, 107 100 сомдук жардамдар берилди. Сумсар айыл аймагында 14 тургунга 8800 сомдук жардамдар берилди. Жыйынтыктап айтканда, район боюнча 78 жаранга 268100 сомдук жардамдар көрсөтүлдү. Мындан сырткары, райондогу мекеме, ишканалардын жетекчилери өздөрү камкордукка алган жарандарга ар кандай белек-бечкектерди беришип, колдон келген жардамдарын көрсөтүштү. М. Эшназаров ]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *