Чаткалда жаз жарышы башталды

калемпир талаасы 3 калемпир талаасы 1 Быйылкы жылы жаздын эрте келиши менен жазгы айдоо жумуштары жылдагыдан эрте башталды. Район боюнча быйыл 335 га жаздык буудай, 58 га арпа, 73 га жүгөрү, 118 га буурчак түрүндөгүлөр, 692 га картошка, 415 га жашылча, 92 га май өсүмдүгү, 210 га көп жылдык чөп аянттары айдалып, себилмекчи. Ал эми пайдаланууга жарактуу болуп, бирок иштетилгей келе жаткан 742 гектар аянттын 10 гектары, тактап айтканда Сумсар айыл аймагында 5 гектар аянт жана Терек-Сай айыл аймагында 5 гектар аянт пайдаланылып, пайдаланылбай бош жаткан аянт 10 гектарга кыскартылат. Жазгы айдап себүү өнөктүгүнө жалпысынан район боюнча 67 тонна буудай үрөөнү керектелсе ал элдин колундагы жана кредитке келген үрөөндөр менен толукталган. Ал эми арпа үрөөнү 11 тонна 600 кг керектелсе учурда 10 тонна 200 кг такталып, 1 тонна 400 кг жетишпейт. Ошондой эле эспарцет уругу 16 тонна керектелсе, 15 тонна камдалып, 1 тонна жетишсиз. Беде уругу 700 кг керектелсе, 505 кг даярдалып, 195 кг жетишпейт. Картошка 1730 тонна керектелсе, 1712 тонна 500 кг даярдалып, 17 тонна 500 кг жетишпейт. Ал эми айдап себүүгө техникаларды иштетүүгө 100 тонна 100 литр күйүүчү май керектелсе учурда  45 тонна 800 литри элдин колунда бар. Бирок, райондогу агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын адистеринин айтымында керектелүүчү күйүүчү майлар айдап себүү жумуштарды жүрүп жаткан мезгилде айыл аймактарынын жана элдин өздөрүнүн аракети менен жетишпеген күйүүчү майлар камсыздалат. Б. Дилдебаев]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *