Өнүктүрүү фондундагы каражаттар максаттуу пайдаланууга тийиш

IMG_5841 IMG_5844 Жакында Чаткал районунун өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешинин отуруму болду. Отурумда райондун акими, райондогу өнүктүрүү фондунун администратору К. Эшалиев байкоочу кеңештин мүчөлөрүнө райондогу өнүктүрүү фондунун адилет башкармалыгынан каттоодон өтүп, күбөлүк жана штамп, мөөрүн алгандыгын маалымдады. Бул отурумунда фонддун байкоочу кеңешинин төрагалыгына  Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаты Э. Кошбаевди шайлашты. Ошондой эле, фонддун директорунун милдетин аткаруучуну, бухгалтерин жана операторун шайлашты. Ал эми фонд бюджеттик жана атайын каражаттар болуп эки эсеп менен иш жүргүзгөндүктөн, фонддо иштеген үч адамдын эмгек акылары КР. Финансы министрлиги менен такташкандан  кийин 2016-жылга сметасы менен кошо бекитип берүүнү кийинки отурумга калтырышты. Чаткал районунун өнүктүрүү фондунда байкоочу кеңештен тышкары эмгек акы төлөнбөгөн курамы 7 адамдан турган башкармалыгы да болот. Ага тийиштүү адамдарды тандап алуу үчүн массалык маалымат каражатына конкурс жарыяланды. Райондун акими, фонддун администратору К. Эшалиев байкоочу кеңешти ар бир жумшалып жаткан каражатты максаттуу пайдаланып, ачык-айкындуулук болушуна чакырды. Б. Дилдебаев]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *