Экотехинспекция жайыт пайдалануучулар менен иш алып барат

IMG_6770 (2) IMG_6875 Буга чейин Чаткал айыл аймагынын Жаңы-Базар жана Курулуш айылдарынын жайыт пайдалануучулары же, жөнөкөйлөтүп айтканда, малчылары ижарага алган жайыттарын кантип пайдаланып жаткандыгы экотехинспекция кызматы тарабынан текшерилип келген. Быйыл бул маселеге тыкыр көңүл бурулуп, экотехинспекция кызматы тарабынан  Ак-Таш айылындагы жайыттарды пайдалануунун абалы да текшерилет. Тактап айтканда, аталган мекеменин кызматкерлери малчылар жайлап жаткан жайлоолорго барышып, алардын жайлоолорду талапка ылайык таза пайдаланып жатышына жана жайлоолордун экологиясына келтирип же, келтирбей жаткандыгына баа беришет. Бул тууралуу Чаткал айыл аймагынын жайыт комитетинин башчысы Ш. Атабаев билдирди. М. Эшназаров]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *