Кургак учуктан сакаюуга болот!

IMG-20160328-WA0000 Кургак учук-дени сак адамга ооруулу адамдан жөтөлгөндө, чүчкүргөндө жана сүйлөшүүдө аба аркылуу жуга турган жугуштуу оору. Эгерде сизде же сиздин жакындарыңызда эки жумадан ашык жөтөл, түнкү тердөө, дененин температурасынын жогорулашы, салмак жоготуу, алсыздык жана тез чарчоо байкалса үДТ, ФАП, үДМнун медицина кызматкерлерине кайрылыңыз. Кургак учуктун дартын аныктоо жана дарылоо акысыз. Кургак учукту ийгиликтүү дарылоо үчүн кургак учукка каршы дарыларды медицина кызматкерлеринин көзөмөлү астында 6 айдан кем эмес мезгилде үзгүлтүксүз ичүү зарыл. Эгерде аны үзгүлтүккө учуратса, анда оору туруктуу формасына өтөт, аны дарылоо кыйын жана көп убакытты талап кылат. 2-3 жума дары ичкенден кийин кургак учук менен ооруган адам микробактерияларды бөлүп чыгарбай калат жана жанындагыларга коркунуч туудурбай калат, бирок дарыларды ичүүнү дарылоо курсу аяктаганга чейин улантуу керек. Эгерде сиздердин туугандарыңыздар же жакындарыңыздар кургак учук менен ооруп калса аны кыйын учурда колдоп жана оору менен күрөшүүгө жардам бериңиз. Ага белгиленген дарыларды үзгүлтүксүз ичүүсүн эскертип туруңуз. Дарылануу курсун аягына чейин өтүүсүнө көз салыңыз. Кургак учук менен ооруган адам сиздин көңүл бурууңузга жана камкордугуңузга муктаж. Ж. Нарымбетова, Чаткал райондук ЖДПБнүн ден соолукту чындоо бөлүмүнүн адиси Даярдаган: М. Эшназаров ]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *