Элеттик акындардын поэзия кечеси өткөрүлдү

Жаз….  Жаз керемети адамдарга кандай гана рахат тартуулайт. Жаз келгенде, жан бүткөндүн баары жанданып, Жер Энебиз баш  болуп таттуу уйкудан ойгонот.

Табигат өзүнүн таңгалаарлык сыйкырына багынтып, адам баласынын жан дүйнөсүн кытыгылап, керемет дүйнөсүнө азгырып, жашоого шыктандырат.

Жашоо демекчи…. Жашоодо жан дүйнөнүн байлыгы адам үчүн эң зарыл нерсе.  Убагында, улуу окумуштуу дарыгер Абу Али ибн Сина мындай деген экен:-Жан дүйнөсү жакыр адамдар булар- таалайсыз адамдар. Андыктан, жан дүйнөнүн жакырдыгы адамдарды көп нерседен куру жалак калтырат.

Мына ушул темада, жаздын алгачкы айында Шакафтардагы В. И. Ленин атындагы мектеп интернатынын тарых музейинде “Жан дүйнө азыгы-поэзия” аталышындагы эсте калаарлык кече болуп өттү.

чаткал таланттары 1 (2)

Кечеге мектеп администрациясы, мугалимдер жааматы жана 9-10-11-класстардын окуучулары катышты. Поэзия кечесинин өзөгүн жаңыдан жарык көргөн “Чаткал таланттары 1” ырлар жыйнагына кирген мектептин мугалимдери Курбаналы Тагаев, Аяткан Карабекова, Зулайка Алчимбекова,  Айжамал Күзөбаева, Айтилла Алимбекова, Бекмурат Исаковдордун ырлары жана прозалык чыгармалары түздү.

Кеченин жүрүшүндө, мугалимдер жана окуучулар жогорудагы акын, калемгерлердин чыгармаларынан көркөм окушуп, обондуу ырларынан аткарышып, авторлорго кызыккан суроолорун узатышып, аларга чыгармачылык каалоо, тилектерин билдиришти.

Кеченин соңунда, катышуучуларга жагымдуу жана эсте калаарлык кечени уюштурган тарых мугалими Айгүл Жакыпбековага кеченин жалпы катышуучулары ыраазылык билдиришти.

Курбаналы Тагаев, В. И. Ленин атындагы мектеп интернатынын окуу  бөлүмүнүн башчысы

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *