Маркум Эгенберди Батырбековдун жаркын элесине арналган мелдеште

23-февраль-Мекенди коргоо күнүндө Жаңы-Базар айылында волейбол боюнча маркум Эгенберди Батырбековдун жаркын элесине арналган райондук мелдеш болду. Мелдеш бул күнгө коюлгандыгынын себеби, бул күн маркумдун туулган күнү болуп эсептелет. Ошондуктан, мелдеш жыл сайын ушул күнү өткөрүлөт. волейбол 8волейбол 7 Бу жолку мелдешке жалпы  команда катышты. Мелдеш жогорку деңгээлде, абдан кызыктуу таймаш менен өтүп, мыкты командалар алдыга иргелип  чыкты. Соңунда, калыстардын жыйынтыгы менен 1-орун Чаткал командасына берилип, беш миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды. 2-орун болсо, Каныш-Кыя командасына берилип, үч миң сом акчалай байге кошо ыйгарылды. Ал эми, 3-орун райондук өспүрүм балдар спорт мектебинин командасына берилип, эки миң сом акчалай байгеге ээ болушту. 4-орунга Ак-Таш айылынын командасы ээ болуп, миң сом акчалай байгенин ээси болушту. Мындан сырткары, өзгөчөлөнгөн спортчуларга ар кандай кызыктыруучу сыйлыктар да берилди. Мелдеш маркумдун иниси Кудайберди Батырбеков тарабынан демилгеленип жана каржыланып, маркум мурда иштеген райондук электр тармагы ишканасы, Чаткал айыл аймагы, райондук сот, маркумдун туугандары, классташтары тарабынан да акчалай демөөрчүлүк көрсөтүлдү. Бул тууралуу Жаңы-Базар айылындагы Т. Жаналиев орто мектебинин дене тарбия мугалими Абдыкадыр Турсуматов билдирди. М. Эшназаров ]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *