Жолбун иттерди жок кылуу солгун жүрүүдө

 

Райондун айрым айыл аймактарында жолбун иттерди атып, жок кылуу иши солгун жүрүүдө. Мындай абал Сумсар жана Терек-Сай айыл аймактарында байкалат. Бул тууралуу райондук санэпидкөзөмөл борборунун башкы дарыгери Г. Акылбекова жакында раймамадминистрацияда болуп өткөн жыйында билдирди. –Жолбун иттерди IMG_1068 (2)атып, жок кылбасак, кутурма сыяктуу коркунучтуу оорулардын алдын ала албайбыз. Чаткал айыл аймагында жолбун иттерди жок кылуу боюнча талаптагыдай иш жүрдү.-деп кошумчалады Г. Акылбекова

Ал эми, Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы С. Мусабаев  кен өндүрүү менен алектенген бир ишкананын айланасында жолбун иттердин саны көбөйүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөндүгүн, жакында андагы жолбун иттерди жок кылынаарын маалымдады.

М. Эшназаров

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *