Райондук маданият бөлүмүнүн отуруму болду

ДК IMG_5867ДК IMG_5868ДК IMG_5872 Отурумда райондук маданият үйүнүн директору К. Бекмуратовдун жана борборлоштурулган китепканалык тармактын директору Р. Момунованын өткөн 2015-жыл ичинде аткарылган иштер боюнча отчеттору угулду. Отурумдун жүрүшүндө, райондук маданият бөлүмүнүн директору Ж. Нурбаев баяндама жасап, КР. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2016-жыл-“Тарых жана маданият жылына” карата иш пландарынын негизинде,  райондук маданият бөлүмүндө да жыйырма иш чара өткөрүү пландалгандыгын жана буга ылайык, кетчү каражаттар эсептелинип, айыл аймактарга жана айыл башчыларына иш чаралар таркатылып берилгендигин маалымдады. Отурум соңунда, район акиминин орунбасары Ж. Накетаев өткөн жыл соңунда өткөрүлгөн Чаткал районунун 80 жылдык маарекесин жогорку деңгээлде өтүшүнө райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлеринин салымы чоң экендигин белгилөө менен, алдыдагы маданий иш чараларга жигердүү катышууга чакырды жана “Тарых жана маданият” жылын жемиштүү аяктоону каалап кетти. М. Эшназаров ]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *