Социалдык фонддун төрагасы М. Абулгазиев Чаткалга келди

абулгазиевIMG_5668абулгазиевIMG_5663абулгазиевIMG_5680абулгазиевIMG_5694абулгазиевIMG_5702 абулгазиевMG_5710 Жолугушуу район борбору Каныш-Кыя айылында өтүп, анда район тургундары КР. Социалдык фондунун төрагасы Мухамбеткалый Абулгазиевге аталган маселенин алкагында ой-пикирлерин айтышып, сунуштарын билдиришти. Мында негизинен, катышуучулар тарабынан социалдык төлөмдөрдүн көтөрүлүшүнүн негизсиз экендиги айтылып, ага карата далилдер келтирилди. Катышуучулар белгилегендей, Чаткал району бийик тоолуу, шарты катаал, кышы узак жер болуп, ушундан улам, жердин түшүмдүүлүгү аз, малды асыроо да кыйынчылыкты жаратат. Ошондуктан, социалдык төлөмдөрдүн көтөрүлүшү район калкынын жеке кирешесине эч бир дал келбейт. Район калкынын көпчүлүгү социалдык төлөмдөрдүн жогорулашына каршы эмес, болгону, мынчалык эмес, элдин жашоо-шартына карап көтөрүү зарыл. Буга чейинки социалдык төлөмдөрдүн бир нече эсе көтөрүлуп кетиши райондун тургундарынын кирешесин бир топ эңшерип кетүүдө.абулгазиевIMG_5715абулгазиевMG_5669абулгазиевMG_5675абулгазиевMG_5683 абулгазиевMG_5703 абулгазиевMG_5705 Катышуучулар-У. Сейталиев, С. Исмаилов, А. Бузелбаев, Э. Кошокбаев, А. Сапарбеков, Ф. Атажанова, Ө. Токтогулов, К. Орозбаев, Р. Полотов, К. Осмонбеков, К. Алчынбеков,Ш. Төрөбековдор айтып өткөндөй, районун катаал шартын жана район калкынын жашоо-турмушун эске алуу менен, райондогу социалдык төлөмдөрдү калктын орточо эмгек акысынан эмес, үлүш жеринин аянтына карап, ошондо да мурда белгиленген гектарына 194 сом деп белгиленген социалдык төлөмдү гана эки же, үч эсе көтөрүп 400-500 сомдун чегинде белгилөө сыяктуу сунуштар айтылды. Мындан сырткары, катышуучулар тарабынан райондук социалдык фондго да айрым маселелер боюнча нааразылыктар айтылды. Катышуучулардын талабына ылайык, М. Абулгазиев райондук социалдык фонд башкармалыгынын башчысы А. Эшикуловго башкармалык тарабынан башка мекемелерге көрсөтүү үчүн берилчү тийиштүү кагаздарды берүүдө жарандарды социалдык фондго болгон карыздарын төлөп, анан берүү талабын токтотууну айтты.  абулгазиевIMG_5659 Район акими К. Эшалиев М. Абулгазиевге айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен,  социалдык төлөмдөр орточо эмгек акыдан эмес, үлүш жерлерден алуу сунушун айтып, мунун себеби, район аймагында иштеп жаткан кен казган ишканалардын эсебинен орточо эмгек акы жыл сайын өсүп, мындай маселе дале чыга берээрин кошумчалады. Жолугушуунун соңунда, М. Абулгазиев элдин нааразылыгын жараткан социалдык төлөмдөрдүн жогорулашы боюнча жаңы мыйзамда мүчүлүштүктөр кеткендигин моюнга алуу менен, абулгазиевIMG_5661мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген соң, социалдык төлөмдөр жогорулаган учурда төлөгөн жарандарын төлөмдөрү мыйзам өзгөргөн соң, кийинки төлөмдөргө ылайык эсептелинип, тендештирилээрин жана жогоруда айтылган сунуштарды тийиштүү жактарга жеткирип, аталган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жараянында айтылган сунуштар пайдаланылаарын, мыйзамды өзгөртүү жараянына район акими жана бир өкүл катышаарын билдирди. М. Эшназаров ]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *